Сарычат мөңгүсүКакшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү.

Чоң Үзөңгүкууштун алабында. Уз. 12,1 км, аянты 27,1 км2. Башы деңиз деңг. 4800 м, этеги 3620 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4090 м, абляция облусунун аянты 14,3 км2. Ортоташ, Айталаа мөңгүлөрү м-н туташ жаткан бир фирн талаасын түзөт. Мөңгүдөн башталган суу Котур ж-а Айталаа суулары м-н кошулуп Чоң Үзөңгү куушту түзөт.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2