Сары-Жаз
«Сары-Жаз суусу» менен адаштырбаңыз.
Сары-Жаз — «Манас» эпосундагы топоним. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабышта Коңурбай баштаган кытайлар Аккуланын алдын тороп, жыгыш үчүн өлчөгөн жер (Сагымбай Орозбак уулу, 3. 269). Географиялык реалияда С.-Ж. Казакстандын түштүк-чыгыш бурчундагы (Алматы облусу, Кеген дарыясынын чөлкөмү) жайык өрөөн. Көкөтөйдүн ашынын чордону Каркырага жакын (аралыгы 40—50 чакырым) жер.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN 5-89750-013-4