Сары-Жаз кырка тоосу - Борбордук Теңир-тоодо, Кан-Теңир тоо тоомунда жайгашкан.

Меридиан кырка тоосундагы «Мрамор дубалы» чокусунан Сарыжаз капчыгайына чейин созулат. Узундугу 113 км, туурасы 16 км, орт. бийикт. 4730 м, эң бийик жери 5816 м (Семенов чокусу). Тарим менен Балкашка куюучу дарыялардын суу бөлгүчү. Батыш жагы Сарыжаз сыртын Эңилчек өрөөнүнөн бөлөт. Түн. Капталы жантайыңкы келип, бара-бара сырт деңгээлине өтөт. Эңилчек өрөөнүнө караган түш. капталы тик, кокту-колоттуу.

Сары-Жаз кырка тоосу – Эңилчек антиклинорийинин түн. бөлүгү. Төртүнчүлүк мезгилден муз каптоолор тоонун көп бөлүгүн (кырынан этегине чейин) каптап, азыркы рельефинин түзүлүшүнө таасир тийгизген. Чыгыш бөлүгү азыр да мөңгүнүн алдында. Протерозой заманында, кембрий жана ордовик мезгилдеринде пайда болгон метаморфизм жана чөкмө тоо тектерден (кумдук, конгломерат, акиташ теги, биотит-роговая обманкалуу гнейс, көмүртек-кремнийлүү сланец ж. б.) түзүлгөн. Гранит тектери да кеңири тараган. Сары-Жаз кырка тоосу Чаткал-Нарын структура-фациялык тилкесинде жатып, түштүгүнөн Атбашы –Эңилчек жаракасы, түндүгүнөн Теңир-Тоонун негизги жаракасы менен чектешет. Кендери: калай, коргошун ж. б. Кырка тоодогу мөңгүлөрдүн жалпы аянты 400 км2дей; эң ирилери: Баянкол, Семёнов, Мушкетов, Түн. Эңилчек ж. б. Түн. капталына альп шалбаасы (доңуз сырты, өлөң чөп ж. б.), субнивалдык суук чөл (өлөң чөп, байчечекей, дриада), гляциалдык-нивалдык ландшафттары, түш. капталына кургак талаа ж-а талаа өсүмдүктөрү (2800–3000 мге чейин), субальп, альп шалбаалуу талаа мүнөздүү (бетеге, аккылкан, акшыбак ж. б.).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2