Сары-Жаз минералдуу суусу

Сары-Жаз минералдуу суусуЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы дарылык касиети бар жылуу суу булагы. Эңилчек посёлкасынан 2,5 км түштүк-батышта, Сары-Жаз суусунун сол жээгинде. Деңиз денгээлинен 3100 м бийиктикте жатат.

1960-ж. геол. маалымат берилген. Суу чыккан жерде силурдун аягы – девондун башталышында пайда болгон карбонаттуу тоо тектер жатат. Булак акиташ тегиндеги тектоникалык жаракадан агып чыгат. Тунук, күкүрттүү суутек жыттанат. Чыгымы 0,2 л/сек, температурасы 50°С, аз минералдашкан. Курамы: сульфат-хлорид-натрий-калийлүү. Жергиликтүү эл мед. кароосуз киринүү жолу менен муун, тери ооруларын дарылайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү