Сары-Таш хальцедон кениБаткен районунда, Шураб шаарынан 10 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1700 м бийиктикте. 1957-ж. табылган. Хальцедондун экзогендик топтолушу бор жана палеоген тоотек катмарларынын контактысында табылган. Хальцедон тоголоктолгон секреция, желвак, жеод сымал. Хальцедондук пайда болуулардын жекече өлчөмү 35–50 см жетет. Хальцедондун өңү сүттөй ак, саргыч жана көгүш түстө. Зергерлик кооз-таш катары колдонулушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү