Сары-Тологой«Манас» эпосундагы топоним. Эпосто Көкөтөйдүн ашында чабылган аттарды тоскон жерлердин аттары менен кошо эскерилет:

Аяк аттын байгесин,

Ала турган пайдасын,

Кызыл-Кыя белине,

Тологойдун жерине,

Сан кой солоп салыптыр:

Акыр заман журтуна

Аты Сары-Тологой

Атак болуп калыптыр (Сагымбай Орозбак уулу, 3. 272), — Ысык-Көлдөн түндүк-чыгышта, Түп суусунун өрөөнүндө С.-Т. аттуу жер жана өзөн бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4