Башбаракты ачуу

Саспаев Аман - жазуучу.

Аман Саспаев Түп районундагы Кең-Суу айылында 1929-жылы 15-октябрда жарык көргөн. Атасы Саспа Кең-Суудагы айтылуу аңчы, дарымчы, ага карабастан ошол кездердеги большевиктерден болгон. 1930-жылдары Саспа каза болгондон кийин, энеси Бүбүгалий эки баласын ( Аман жана эжеси Жүрсүн) алып төркүндөрүнө кетет. Төркүнү болсо айтылуу сан жылкылуу Сарыбай байдын небереси болот. 1930-жылдардагы коллективдештирүү мезгилинде Аман Саспаевдин энеси да бай-манаптын тукуму эсептелип, жаңы уюштурулуп жаткан колхозго алынбайт... Материалдык жашоо шарты начарлап, ачарчылык боло баштайт. Кытайга мурда качып кеткен туугандардын үндөөсү менен 1933-жылы Аман Саспаевдин үй-бүлөсү дагы кытайга жөө-жалаңдап өтүп кетет. Бирок, тилекке каршы, Кытай жергесине баргандан кийин да үй-бүлөнү бакыт-таалай күтүп турбайт.

1937-жылы Кытайдын Тогуз-Торо уездине караштуу Моюн-Күзөр айылындагы уйгур мектептен сабатын ачат. Кийин Тогуз-Торонун Жаңы-Шаар деген айылында, Кулжа шаарында уйгур, казак мектептеринде окуп билим алат.

Эмгек жолун 1945–1947-жж. Текес уездинин бир мекемесинде катчы болуп баштайт.
1948-жылы жайында энеси Бүбүгалий күтүлбөгөн жерден каза болот. Жаш Аман үчүн бул оор сокку болуп, азыр үй-бүлө менен турган жерде жашоонун кызыкчылыгын жоюп койгонсуйт. Болочоктогу жазуучу кайдадыр бир жакка кеткиси келет. Баарынан да окуп, билим алсам деген ички тилек жан жеген дарт, жай алдырбаган эңсөөгө айланат. Акыры жашы жыйырмага чамалап калганда, Кулжа шаарына барып келем деген шылтоо менен таякесинин күрөң жоргосун сурап минет да, тобокелге бел байлап Кулжа шаарын көздөй жөнөп кетет. Кудалаштырып жаткан он алты жашар келечек колуктусун, иштеп жүргөн кызматын, колун караган үй-бүлөсүн "жерге уруп" баса берет. Бул Амандын өмүрүндөгү биринчи булкунуп чыгуусу болот. Акыры бир күнү ушундай иштегенинде гана жаны жай табаарын билет.


1948–1949-жж. «Инкилаби шаркий Туркестан» гезитинде Текес, Мунгул-Күрөө уездери боюнча атайын кабарчы болуп иштеген.
1949–1952-жж. Кулжа шаарындагы «Билим юрти» деген окуу жайына кирип, аны бүткөн соң ошол окуу жайында мугалим болуп иштей баштаган.
1952–1956-жылдары Пекиндеги Борбордук Улуттар Институтуна өтүп кытай тилиндеги филология факультетинде окуган.
1956-жылы Үрүмчүгө келип, «Эл басмасынын» кыргыз секторунда редактор, жооптуу сектор башчысы болуп эмгектенген.
1962-жылы Ата Мекенине кайтып келген соң, 1966-жылга чейин туулган айылы «Санташ» совхозунда жумушчу, тракторист болуп эмгектенген.
1967–1988-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча адабий кеңешчи болуп иштеп,
1971–1973-жж. Москвадагы М.Горький атындагы адабий институтунун Жогорку адабий курсунан окуган.

Чыгармачылык ишмердиги
Аман Саспаевдин чыгармачылык ишмердиги 1947-жылдары башталып, казак тилинде ырлар, уйгур тилинде прозалык чыгармаларын жазып, мезгилдүү басылмаларда жарыялап турган. 1966-жылы туңгуч аңгемелер жыйнагы «Гүлкайыр» деген ат менен «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн.
А.Саспаев 1967-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Жазуучунун айрым аңгемелери орус, француз, кытай, латыш, татар, башкыр, казак, уйгур, каракалпак тилдерине которулган. Ал чыгармаларын уйгур, казак тилдеринде да эркин жазган.

Автор узак жылдар бою Кытай тилин изилдеп жүрүп, 55 миң сөздү камтыган 91 басма табак көлөмүндөгү «Кытайча-кыргызча сөздүк» түзүп, 2003-жылы Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата жарыкка чыгарган.

А.Саспаев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардак наам берилген. Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун профессору.

Жазуучу, публицист Аман Саспаев 86 жаш курагында, 15-июнда 2015 жылы көз жумган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Гүлкайыр. Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1966.

Майда толкундар: Аңгеме-повесттер. – Ф.: Мектеп, 1970.

Симиркуш. Жомок. – Ф.: Мектеп, 1971.

Хадизат. Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1975.

Парторг. Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1977.

Мурат. Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1978.

Татым туз. Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1979.

Ыйык сезимдер. Аңгемелер. Ф.: Кыргызстан, 1985.

Тандалган чыгармалар: 1 томдук. – Ф.: Кыргызстан, 1988.

Too чабалекейи. Роман. – Ф.: Адабият. 1989.

Аңгемелер. – Каракол, 1997.

Чыгышка назар: Илимий макалалар жыйнагы. – Каракол: ЫМУ басмасы, 2002. – 192 б.

Кытайча-кыргызча сөздүк: 55 миң сөз. – Б.: БГУ басмасы, 2003. – 1456 б.

Кытай адабиятынан сабат: Лекциялар жыйнагы. – Каракол: ЫМУ басмасы, 2004. – 32 б.

Татым туз: -Б.: Бийиктик, 2010. - 392 б.

Шашкедеги кара туман: Афтобиографиялык роман. - Б.: Турар, 2012. - 388 б.

Орус тилинде

Чудесный птица симург. – Ф.: Мектеп. 1972.

Утро в новом доме. Рассказы. – М.: Советский писатель, 1977.

Мурат. Рассказ. – Ф.: Мектеп, 1979.

Инова Ясажий. Бөртө чоно. Чынгыз хан жөнүндө роман-котормо. – Б.: Сүрөт-басма-салону, 2003. – 270 б.