Сасыкбаев Саткын (25.09.1907–04.04.1997) - жазуучу, акын, журналист, котормочу. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (1995).

Саткын Сасыкбаев

Саткын Сасыкбаев Кемин районуна караштуу Карагайлуу-Булак айылында 1907-жылы 25-сентябрда туулган.
1920-жылдан Токмоктогу балдар үйүнөн билим алып,
1924-жылы «Эркин-Тоо» гезитинде алгачкы айылдык кабарчылардан болуп калган.
1925–1930-жж. Кыргыз педтехникумунда окуган.
1930–1955-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинде адабий кызматкер, жооптуу катчы, башкы редактордун орунбасары болуп эмгектенген.
1928-жылы «Миң сулуу» аңгемеси жарык көргөн. Кийин аңгеме, очерк, ыр, фелъетондору жарыялана баштайт. «Кичинекей жумушчу» аттуу аңгемеси 1932-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан.
С.Сасыкбаев С.Бабаевскийдин, А.Гайдардын, А.Бектин, С.Михал-ковдун, Ю.Королькованыны, И.Ликстановдун, С.Даниловдун ж.б. чыгармаларын которгон. 1936-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
1974-жылы “Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери» деген наамга татыктуу болгон.
Кыргыз совет адабиятын өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн «Ардак белгиси», «Элдердин достугу» ордендери, «1941–1945 жылдардагы Улуу Ата Мекендик со-гуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жыл-дыгынын урматына “Каарман эмгеги үчүн» медалдары менен жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун бир нече Ардак грамоталары менен сыйланган.
ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Кичинекей жумушчу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1932. – 26 б.

Эмгек учкуну: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1933. – 64 б.

Чабандын баласы жана көк музоо: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1935. – 20 б.

Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 26 б.

Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 58 б.

Нурлан. – Ф.: Кыргызмамбас, 1944. – 68 б.

Күрөш күндөрүндө: Аңгемелер жана очерктер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 155 б.

Биринчи экзамен: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 66 б.

Фабрика кызы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 272 б.

Таңкы гудок: Аңгемелер жана очерктер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 251 б.

Завод балдары: Аңгеме. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 35 б.

Түпкүрдөгү нур: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 288 б.

Күнөстүү өрөөндөр: Очерктер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 143 б.

Күжүрмөндөр: Аңгемелер, очерктер жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 136 б.

Эженин өмүрү: Документалдык повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 102 б.

Түпкүрдөгү нур: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 347 б.

Күркүрөөлүү жээкте. – Ф.: Мектеп, 1972. – 250 б.

Эмгек жылдызы: Документалдуу повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 30 б.

Тандалган чыгармалар. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 516 б.

Бийиктен бийикке: Эмгек каармандары жөнүндө очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 38 б.

Жоготуунун эсеси: Повесттер, эскерүүлөр, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 316 б.

Тандалмалар: Роман, повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 460 б.

Көк музоо: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1989. – 12 б.

Орус тилинде

Дочь фабрики: Повести и рассказы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 189 с.

Свет под землей: Роман. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 162 с.

Свет под землей: Роман-хроника. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 240 с.

Мои современники: Сборник статей, рассказов и очерков. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 384 с.

Люди труда: Роман. Повести. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 424 с.

КОТОРМОЛОРУ

Гайдар А.П. Уруш сыры. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1936. – 192 б.

Короленко Ю.Р. Комсомолецтер фронтто: Очерктер – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 68 б.

Бек А. Волоколамск шоссеси: Панфиловчулар жөнүндө повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 315 б.

Бабаевский С. Алтын жылдыз кавалери: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас т, 1952. – 295 б.

Ликстанов И. Кичинекей: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 255 б.

Толстой А. Үч аюу: Жомок. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 16 б.

Бабаевский С. Алтын жылдыз кавалери: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 322 б.

Михалков С. Степа ага. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 24 б.

Земляк Я. Лыжачылар. – Ф.; Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 15 б.

Бабаевский С. Жер үстүндөгү нур: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 257 б.

Рашидов Ш. Айкыз жана Алимжан: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 67 б.

Данилов С. Манчар: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1975. – 160 б.

Бек А. Волоколамск шоссеси: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 460 б.