Сатай

Манас эпосундагы каарман, кырк чоронун бири

Сатай«Манас» эпосундагы кейипкер, Саргыл бийдин уулу. Кырк чоронун бири катары саналат. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда чоролордун арасында болот. Көкөтөйдүн сөөгүн койгондо да келет. Көкөтөйдүн ашында жамбы атууга катышат (Сагымбай Орозбак уулу, 2. 419, 3. 49, 175).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4