Сатуу
Сатуу - продукцияны (товарды, тейлөөлөрдү) сатууну жана ага менчик укугун даярдоочудан керектөөчүгө өткөрүп берүүнү камсыз кылуучу иш-аракеттер.
Даярдоочулар тарабынан дүңүнөн же чекене соода ортомчулары менен ишке ашырылат. Ишканалардаярдоочулар сатуу иш-аракеттери менен иш жүргүзүшү мүмкүн, мисалы, керектөөчүлөр тарабынан заказдардын көлөмдөрү өтө чоң болгон учурларда жана алардын географиялык топтоштурулушуна жараша, ортомчулар жок болгондо ж. б. жагдайларда (өзүлөрүнүн сатуу конторалары, сатуу агенттери аркылуу), атаандаштык шарттарында соода-сатыкты жүргүзүү ишканага, о. э. анын продукциясын керектөөчүлөргө да пайдалуу болушу мүмкүн.
Мында даярдоочу өзүнүн продукцияларынын ири партияларын кепилденген сатуу мүмкүнчүлүгүн алат, продукцияга болгон сурамды оперативдүү изилдөөгө жана керектөөчүлөр талап кылган конструкциялык, технологиялык өзгөрүүлөрдүн өз убагында өндүрүшкө киргизилишине жагдай туулат. Керектөөчүлөр продукцияларга керектүү ассортиментте заказ берүүгө, кепилденген сапаттагы, керектөөгө максималдуу даяр жана керектүү мөөнөттө алууга шарт түзүлөт. Сатуу агенттерине фирмалар-даярдоочулар төмөндөгүдөй учурларда кайрылышат: сатуу функцияларын аткаруу аларга экономикалык жактан пайдасыз болгондо же атайын окутуп даярдалган адистин жоктугунан ишти аткарууга даяр эмес учурларда. Зарыл болгон кампага ылайыкталган имараттардын, транспорт каражаттарынын, керектөөлөр менен коммуникациялар жок болгон жагдайда.
Сатуу агенти, адатта сатуу конторасынын ээсинен жана бир нече кызматкеринен турат. Сатуу агенттерин чектелген санда атайын тандап алгандары аркылуу (кардарларына, сервистик тейлөөлөргө, кадрлардын деңгээлине ж.б. шарттарга байланыштуу) фирма даярдоочулардын товарларды сатышы - тандап алып сатууну жана ириктеп сатууну пайдаланууга мүмкүндүк түзөт. Сатуунун мындай формасы атайын төлөөнү, запастык бөлүктөрдүн, ремонттук устаканалардын болушун, эмгек персоналынын даярдыгын талап кылуучу буюмдарды сатуу же кымбат жана беделдүү товарларды сатуу үчүн максатка ылайыктуу деп эсептелет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүМусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9