Саясатты идеологияштыруу

Саясатты идеологияштыруу — саясий теориянын жана практикалык саясий процесстин, саясий аң-сезимдин бир же бир катар ар түрдүү багыттардын концепцияларына, идеяларына баш ийүү процесси.

Идеология менен саясаттын зарыл өз ара аракеттенүүсү саясаттагы идеалга ашыкча, агрессивдүү кирип кетүүгө чейин өсүп жетиши мүмкүн. Бул адатта идеологиялаштыруу жана башка турмуштук — укуктук, экономикалык чөйрөлөргө байланыныштууу. Бул процесстин мазмуну эң ар түрдүү — либералдык-демокрагтыктан, прогрессивдиктен тартып, эң эле радикалдуу солчул же оңчул тенденцияларга, ачык реакциялык тенденцияга чейин болушу мүмкүн. Ашыкча Саясатты иедологияштыруу аны зарыл автономдуулуктан ажыратат, аны идеологиялык экстремизмдин кайсы бир формасына баш ийдирүүгө жөндөмдүү. Гиперидеологиялаштыруу - авторитаризмрт мүнөздүү сапаты. Саясий институттар менен саясий иш-аракетгерди толук идеологиялык көз караштан түшүндүрүү мамлекеттүулүкгүн, укуктук тартиптин формалары ж.б. со-иалдык-саясий шарттарга ылайык жалпы адамзаттык талаптарды жана социалдык-саясий турмушту уюштуруунун нормаларын дагы чагылдырышы керектигин этибарына албайт. Бул формалардын, бул адамзаттык мазмундун басмырланышы (идеологиялык жана анын аркасынан саясий жана социалдык-экономикалык жактан) мамлекеттүүлүктүн кулашы, солгун тартуу, прогрессивдүү өнүгүүгө өтүү ж.б. аркылуу келип чыккан.

Эл аралык мамилелердин реакциялык, тоталитардык идеологиялаштырылышы алардын идеологиялык мотивдер боюнча мамлекеттер аралык күрөштүн милдеттерине тоталдык баш ийүүсүн билдирет. Саясатты иедологияштыруу идеологиялык артыкчылыктарга баш ийгенде аз учурда жалган түшүнүлгөн, ал эми көп учурда антисоциалдык болот да, коом менен айрым адамдардын турмушунда оор кабылданат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8