Саясий кризис (гр. krisis - баштапкы, бурулуш пункт) - саясий процесстин түрү, саясий абалдын кескин курчуп кетишин мүнөздөгөн саясий чыр-чатактардын ашынган формасы.

Анда чыр-чатактарды келишим аркылуу чечүүгө болбой турган абал түзүлөт. Ал ички саясий (парламенттик, өкмөттүк, конституциялык) жана тышкы саясий кризисте байкалат. Саясий кризистин төмөнкүдөй негизги түрлөрү бар: легитимдүү кризис - аткаруучу режимдин өз баалуулуктары менен максаттарын ишке ашырууда калктын өкүлдөрү менен саясий жөнгө салуунун формалары жана нормасы жөнүндө макулдашууга жетишүүсү; идентификациялоодон чыккан кризис- белгилүү саясий система менен социалдык топторду идентификациялоого этностук айырмачылык тоскоол болгон учурда түзүлгөн кырдаал; саясатка аралаштыруудан чыккан кризис - саясий элита тарабынан белгилүү социалдык топторду саясий турмушка аралаштыруу үчүн түзүлгөн жасалма тоскоолдуктардан улам пайда болот; тереңдеп кеткен кризис - иш жүзүңдө жүргүзүлгөн саясат менен жарыяланган максаттардын дал келбегендигинен улам пайда болуп, мамлекеттик башкаруунун майнаптуулугун төмөндөтөт; бөлүштүрүү саясатынан чыккан кризис - башкаруучу элитанын калктын бардык катмарын материалдык жактан жетишерлик деңгээлде камсыздандыра албай калышынан улам пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4