Саясий символика — саясий маданиягтын маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат.

Ал саясаттын дүйнөсүн жана анын маданиятын чагылдырат жана идеалдаштырат. Саясий символиканын элементтери болуп - улуттук-мамлекеттик символикалар (конституция, желек, герб, гимн, акча белгилери ж.б.); саясий-ритуалдык символика (президенттин инаугурация аземи, улуттук эң кымбат жерлерге гүлчамбар, гүлдөрдү коюу процесси ж.б.); скульптуралык-архитектуралык символика мамлекетти символдоштуруучу эстеликтерде, скульптураларда, архитектуралык курулуштарда ишке ашырылат (өкмөт үйлөрү, жеңиш аянттары ж.б.); шаарлардын аталышы, булар менен мамлекеттерди окшоштурушат (БишкекКыргызстан).

Саясий символикага артыкчылык белгиси, желекчелер, эмблемалар ж.б. символдор кирет. Саясий символика коомдун саясий жашоосун ар түрдүү кылат, корк берет, ага символикалык-маданий маанини берет. Ал элдин биригүүсүнө, анын өзүнчөлүүлүгүн жана салтгарын сактап калууга, калктын улуттук аң-сезиминин жана улуттук сезиминин калыптануусуна, мекенчилдик идеясына, жарандыкка түрткү берет.

Булактар

түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8