Саясий социалдаштыруу - индивиддин белгилүү саясий системадагы керектүү сапаттарды жана билимдерди, нормаларды жана саясий-маданий баалуулуктары өздөштүрүү процесстери.

«Социалдаштыруу» терминин 19-кылымдын аягында амер. социолог Ф. Гвидингс илимий колдонууга киргизген. Алгачкы саясий социалдаштыруу саясий билим жаш көз караш менен түз байланышкан. Кийинкиси өз алдынча өздөштүрүлгөн саясий баалуулуктар жана багыттар. Саясий социалдаштыруу татаал институттар (мамлекет, партиялар, мектептер, чиркөөлөр); агенттер (саясий лидерлер, журналисттер, окутуучулар, туугандар) системасын түзөт. Саясий социалдаштыруу бир нече моделдерге бөлүнөт: системалык (гармониялык) модель бир калыптагы саясий системаны өнүккөн жарандык коомдун бийликке болгон түз көз карашын, укуктук тартипти, салттуу өзгөчө институттарды, мектеп жана үй-бүлө, социалдаштыруунун агенти адам чөйрөсүн өзүнө камтып турат. Ага өзгөчө англ-амер. саясий маданият мүнөздүү. Плюралисттик модель жарандардын саясатка жогорку активдүүлүктө катышуусун билдирет. Бул моделдеги өзгөчө социалдашкан институттарга мектеп, ММК, партиялар, коомдук уюмдар жана европ. континенттик саясий маданият кирет. Конфликттүү модель тигил же бул социалдык топко гана баш ийүүнү көздөйт. Мындагы социалдаштыруу институттары үй-бүлө жана чиркөө, көп учурда батыштык эмес цивилизациялуу өлкөлөр болот. Буларда индивид ар кандай шарттагы маданияттын, белгилүү бир үй-бүлөнүн же уруунун башка саясий туунду маданияттар менен болгон күрөшүндө саясий баалуулуктарды жана анын түрлөрүн үйрөнөт. Гегемониялык моделге, өзүнүкүнөн башка ар кандай социалдык жана саясий системага каршы чыгуу мүнөздүү. Адам саясатка аралашууда өзгөчө социалдык топтордун, диндин жана идеологиянын баалуулуктарына таянат. Бул моделде социалдаштыруунун агенттери болуп үгүттөөчүлөр жана жайылтуучулар эсептелет. Саясий социалдаштыруудагы бул модель айрыкча автократиялык режими бар өлкөлөргө тиешелүү, к. Саясий маданият, Саясий плюрализм, Саясий конфликт, Саясий баалуулуктар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4