Саясий четтетүү
Саясий четтетүү – саясий идеялар, мамилелер жана уюмдар инсандан көз карандысыз, ага каршы же кээде кастык позициядагы бир нерсеге айлануучу абал. Инсанды четтетүү бир катар себептердин натыйжасы болот. Ал белгилүү экономикалык шарттар: эмгектин бөлүштүрүлүшү, менчикти бөлүштүрүү, алмаштыруу жана керектүү мамилелеринин өзгөчө-лүктөрүнүн улам пайда болот. Саясий четтетүү саясий режимдин мүнөзү менен шартталат. Анда адам саясатка таптакыр кызыкпай калган абалга коюлат. Четтетүүнүн бул түрү адамдардын саясат мамилелерге тартылуусунун мүнөзү менен аныкталат. Мис., расалык, улуттук белгилери боюнча. Төмөнкү деңгээлдеги саясий маданият, саясий идеялар, мамилелер жана саясий уюмдардын максаттары жөнүндө билимдин төмөндүгү, кандайдыр-бир идеялар жана нормалар, аларды жүзөгө ашыруунун ыкмаларын аң-сезимдүү түрдө гана ойлонбостон четке кагуу Саясий четтетүүнү пайда кылат.
Саясий четтетүү объектилердин тереңдик даражасы жана мүнөзү боюнча айырмаланат. Объект катары саясий идеялар, мамилелер жана уюмдар чыгат. Саясий системанын аталган компоненттеринен четтетүүнүн даражасы алардын бирине-бири ылайык келүүсүнүн, өнүгүүсүнүн, бирдейлигинен, инсандын саясий аң-сезиминин эволюциясынан көз каранды. Анын саясий идеялары жана умтулуусу коомдо өкүм сүргөн көз караштардан алдыга кетүүсү же артта калуусу мүмкүн. Бул да коомдо таркалган саясий формалардан четтетилүүнүн булагы болуп калуу жөндөмүнө ээ. Саясий четтетүү – түрдүү социалдык топтордун саясий кызыкчылыгынын ишке ашырылуусунун чегинде социалдык гармонияны жокко чыгаруу процесси жана натыйжасы. Ал чеги жок саясий өзүм билемдүүлүккө жана деструктивдүү конфликтүүлүккө альтернатива катары чыгат. Индустриализм дооруна мүнөздүү Саясий четтетүү кырдаалы коомдун саясий системасында ишке ашып, массалардын саясаттан, саясий ишмердүүлүктүн кандайдыр-бир аралыкта болуусунун түрдүү формаларында объективдештирилет.
Саясий четтетүү бул же тигил субъект тарабынан тигил же бул коомдо, социалдык топто үстөмдүк кылган саясий практикант кабыл албоосун, жокко чыгаруусун болжолдойт. Бул саясий жүрүм-турумда, коомдук мамилелерде байкалат. Саясаттын субъектисинин (коом, мамлекет, инсан) деңгээлине жараша Саясий четтетүү түрдүү, салыштырмалуу автономдук формаларда билинет. Объективдүү Саясий четтетүү – саясий системанын табияты индивиддерге өкмөттүк чечимдерге, саясий аракеттерге таасир тийгизүүгө тоскоолдук көрсөткөн кырдаал. Субъективдүү Саясий четтетүү – индивиддер тарабынан техника, чексиз керектөө идеяларына сугарылгандыгынан улам коомдук турмушка саясий жана моралдык суроолордун алынып ташталышын болжолдойт. Саясий четтетүүнүн чыгуу формалары ар түрдүү. Ал объективдештирүүнүн түрдүү деңгээлинде болуп, жеке же жалпы кызыкчылыктын, стихиялуулук менен аң-сезимдүүлүктүн, саясатка жана чөйрө менен саясий кыймылдын, граждандык коом жана мамлекет ортосундагы конфликт катары чыгат. Саясий четтетүүнүн кырдаалдары саясий программатиканын кеңири жайылган моделдеринде байкалган. Жеке адамдын бийлигин абсолютташтыруу, саясий бийликтин четтетилиши волюнтаризм, тоталитаризм, идеологиялык догматизмге алып келет.
Партикулярдык кызыкчылыктарды абсолютташтыруу экономизм, технократизм, охлократия, прагматизм сыяктуу Саясий четтетүүнүн тенденцияларында чагылдырылат. Тарыхта Саясий четтетүү нүн жалпы динамикасы байкалат. Индустриализм доорунда объективдүү саясий кызыкчылыктар улуттук мамлекеттердин чегинен чыгат да, саясатка тиешелүүлүктөн, жаңы сапатын: глобалдык граждандык аң-сезим, глобалдык маалыматтуулук, глобалдык конструктивдүүлүктү көрсөтүшөт. Азыркы мезгилдеги саясий маданият принципиалдык жана саясий өз ара аракеттердин идеалдарынан артта калган; саясий кагылышуунун өсүү фонунда бул адамдардын саясий четтетилүүсүнүн өсүшүн камсыз кылат.
Саясий четтетүүнү жеңүү үчүн аны пайда кылган экономикалык, саясий ж. б. социалдык мамилелерди өзгөртүү зарыл. Андан башка инсанды саясаттын чөйрөсүндөгү идеяларга жана мамилелерге коштоо механизмин түзүү талап кылынат. Эгерде Саясий четтетүү калктын көпчүлүк катмарын өзүнө камтыса, аны жоюуга жөндөмдүү механизмдерди түзүү зарылчылыгы пайда болот.Саясий четтетүү коркунучу коомдун кыйынчылыктар алдында, маанилүү коомдук милдеттерди чечүүдө биримдигин бузуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигинде жатат.
Колдонулган адабият
түзөтүүСаясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов
Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б