Себил — курал-жарак, ок өтпөс жоо кийимдин жалпы аталышы. «Манас» эпостогу «Себилдүүсү сексен төрт Серп салган жагы кызыл өрт» (Саякбай Каралаев, 1. 40), «Текөөрү болот темир дейт, Серпкени өлгөн себил дейт» (Сагымбай Орозбак уулу, 1. 29—46) деген саптар С-дин жоо куралы экендигин айгинелесе, «Чарайна деген себилди», «Аколпоктой себил тон» (Валиханов жазып алган эпизод) деген саптар жоо кийим экендигин билгизип турат. С. кээде өнөргө үйрөнүү, ыкма алуу маанисинде да жолугат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4