Чокан Валиханов

Валиханов Чокан‎»‎ барагынан багытталды)

Валиханов, Чокон Чыңгыз уулу (каз. Шоқан Уәлиханов) (1835, азыркы Казакстан, Костанай облусу, Кушмурун айылы - 1865, Казакстан Республикасы Талды-Коргон облусу, Алтынэмел кыштагы) — казак элинин тунгуч окумуштуусу, (агартуучу-демократ, тарыхчы, этнограф, фольклорчу жана саякатчы.

Валиханов Чокон

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Чокон Валиханов 1835-жылы туулган. Ал айтылуу казак султаны Абылай хандын чөбүрөсү.

1847-53-ж. Омскиден кадеттер корпусун бүткөндөн кийин Батыш Сибирь генерал-губернаторлугунда кызмат өтөгөн. Орто Азия, Казакстан, Чыгыш Түркестан элдеринин тарыхын, этнографиясын, фольклорун жана маданиятын, ошондой эле Теңир-Тоо аймагынын географиясынын изилдөөгө зор салым кошкон.

1860 - 61-ж. Петербургда жашап, орус революциячыл демократиялык идеялары менен жакындан таанышып, алдынкы орус интеллигенциясы менен тыгыз карым-катышта болгон. Россия ИАнын жана География коомунун иштерине активдүү катышкан. Анын илимий көзкарашы көп кырдуулугу менен айырмаланган: тарых, этнография, география, лингвистика, археология, саясий экономия. Валиханов орус чыгыш таануу илимине зор салым кошкон.

Ал Орто Азия, Казахстан жана Батыш Кытай элдеринин тарыхы, маданияты боюнча баалуу илимий эмгектерди жараткан.
Валиханов 1856-ж. май-июлда аскердик чалгындоо саякатына катышып, Ысык-Көл аймагына келген. Кыргыздын бугу, сары багыш, солто урууларында болуп, эл менен таанышкан. Ушул эле жылдын август айында атайын тапшырма менен Кулжада үч ай жүрүп, элчилик мамилелерди жандандырган.

1857-ж. кайра Ала-Тоодогу кыргыздарга саякат жасаган. «Манас» эпосун кагаз бетине биринчи түшүрүп, анын бир бөлүмүн орус тилине которгон.

Эпос жана анын айтуучулары тууралуу маанилүү илимий пикирлер айткан. Кыргыз элинин тарыхына да өзгөчө көңүл буруп, кыргыздар Тенир-Тоодо эзелтен бери жашагандыгын, Енисей жана Тенир-Тоо кыргыздарынын тарыхый тамыры бир экендигин жазган. Кыргыздар Енисейден Тениртоого Чынгыз хандын тушунда же ага чейин эле уйгурлар Орхондон журт которгон тушта бөлүнүп келишкен деп божомолдогон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Манасты” дүйнөгө даңазалагандар: Биринчи чыгарылыш: В.В.Радлов, Ч.Ч.Валиханов / Текстке баш сөзүн жазган жана илимий анализ берген топтун мүчөлөрү: Т.Кененсариев, Ч.Субакожоева, А.Алымбаев (Байас Турал), Г.Нусубалиева; башкы ред. Т.Тургуналиев, жооптуу ред. Т.Кененсариев. – Бишкек: Maxprint, 2021. – 800 б. – ISBN 978-9967-9328-8-3. – “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясы.
  • Турдалиева, Ч.Дж. Кыргызы в трудах Чокана Валиханова. –– Бишкек, 2015. – 175 с., прил.
  • Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)