Северцов, Николай Алексеевич

Северцов Николай Алексеевич (1827, Воронеж ш. - 1885, ошол эле жерде) - орус саякатчысы, зоологу жана зоогеографы.

Cеверцов Николай Алексеевич.

Саякат жана экспедициялары түзөтүү

1887-89-ж. Борбордук Теңир-Тоону, Кызылкум чөлүн изилдеп, бул жерлердин флорасы жана фаунасы боюнча материал топтогон. Биринчилерден болуп Орто Азиянын жаратылышына комплекстүү географиялык мүнөздөмө берген. Ал канаттуулар боюнча 12 миң экземплярдан турган бай коллекция топтогон.
1857-58-ж. Сырдарыянын төмөнкү агымына жасалган илимий экспедицияга катышкан, 1864-ж. Сырдарыя жана Чүй сууларынын аралыгын изилдеген.
1865-67-ж. Теңир-Тоону жана Ысык-Көлдүн айланасын изилдеген.
1877-78-ж. Фергана-Памир экспедициясын жетектеген.
1879-ж. Жети-Суу облусуна жана Батыш Сибирге саякат жасаган.
Северцов кыргыз элинин коомдук-саясий турмушунун кээ бир жагдайларын анализдеген.

Эмгектери түзөтүү

Северцов эмгектеринде кыргыздар да жер иштетүүнүн интенсивдүү формаларынын өнүкпөгөндүгүн, эгинди кайрак жерге эгишкендиктен, аз түшүм алынарын, сугат иштери жүргүзүлбөгөндүгүн көрсөткөн.

Северцов жазып калтырган маалымыттарга караганда 19-к-дын 60-жылдарында кыргыздарда тегирмен болгон эмес, алар унду - жаргылчакта тартышкан. Кыргыз элинин чарбачылыгында мал чарбачылык менен дыйканчылыктан башка аңчылык да белгилүү орунду ээлегендигин көрсөтүп, сууларында балык көп болсо да, кыргыздар балыкчылык менен кесиптенбегендигин белгилеген. Памирдеги Петр I кырка тоосундагы чоку, Иле Ала-Тоосундагы мөңгү, ошондой эле кээ бир жаныбарлар жана өсүмдүктөр анын ысымынан аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү