Сейилдөө — басып жүрүү, велосипед, лыжа, коньки тебүү, кайыкта сүзүү жана башкалар формаларда өткөрүлүүчү таза абада эс алуу.

Балдар менен сейилдөө
Ат үстүндө сейилдөө

Таасири түзөтүү

Ал ар бир кишинин күн тартибине киргени жакшы. Анткени сейилдөөдөн адамдын борбордук нерв системасы эс алып, дем алуу, кан тамыр, жүрөк жана булчуң системаларынын кызматы жакшырат.

 
Жөө сейилдөө

Убактысы түзөтүү

Сейилдөөгө дайыма белгилүү убакытта (эртең менен аба таза кезинде же болбосо кечинде, кечки тамактан кийин) чыгуу пайдалуу. Сейилдөө убактысы алгачкы мезгилде 5 —10 мин., кийинчерээк 30 минутадан бир саатка чейин, кээде андан да узагыраак болушу мүмкүн. Кечки сейилдөө 20—30 мин. созулуп, ал уйкунун тынч жана терең болушуна, эртең менен сергек ойгонууга, организмдин жакшы эс алышына өбөлгө болот.

Ылдамдык, темп жана дем алуу түзөтүү

Сейилдөө мезгилиндеги басып жүрүү аралыгы, ылдамдыгы жана темпи ар бир кишинин өз абалына карата аныкталганы дурус. Сейилдөө аяктаганда жагымдуу чарчоо, дем алуу санынын бир аз көбөйүшү, кээде жеңил тердөө, өткөрүлгөн убакыт менен толук канааттануу сезимдери пайда болот. Мына ушул мезгилде сейилдөө пайдалуу өттү деп эсептелет. Сейилдөө мезгилинде дем алуу актысына көңүл буруу зарыл. Денени түз кармап, эркин, бир калыпта дем алуу жана дем чыгарууга үйрөнүү керек. Сейилдөөгө жеңил спорттук костюм кийип чыгууга болот. Сейилдөө үчүн абасы таза, бак-дарактуу, тынч жер тандалып алынат. Көлдүн жээгинде, фонтандардын жанында, токойдун ичинде сейилдөө жагымдуу сезимдерди пайда кылат. Ар бир кишинин кулк мүнөзүнө, ички дүйнөсүнө жараша өзү сүйгөн жери, маршруттары да болушу мүмкүн. Бул жагдайларды эске алуу сейилдөөнүн жемиштүү өтүшүнө өбөлгө болот. Анын туура уюштурулушу адам баласынын турмушунда чоң мааниге ээ. Ушул себептен бала төрөлгөндөн бир нече күн өткөн соң эле врачтар аны таза абага алып чыгып, сейилдеп келүүнү сунуш кылышат. Күнүгө таза абада болууну адатка айлантуу ден соолукту чыңдоого шарт түзөт. Сейилдөө айыктыруучу дене тарбияда да кеңири колдонулат. Өзгөчө жүрөк-кан тамыр, дем алуу, борбордук нерв системаларынын ооруларын дарылоодо сейилдөө чоң мааниге ээ. Бул мезгилде басып жүрүү ылдамдыгы, узактыгы, абанын температурасы, составы сымал факторлор кеңири эске алынат. Күн ысык же өтө суук мезгилде сейилдөөгө чыгуу тез эле жагымсыз сезимдердин пайда болушуна алып келет. Мындай сейилдөөнүн пайдасы жок.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8