Ормон хандын казак аялы Уулбаладан төрөлгөн кенже уулу.
Заманындагы чоң комузчулардан болгондугу айтылат.
Бирок, Ормон хан уулунун эл алдына чыгып өнөр көрсөтүшүн жактырбаган.
Ошондуктан Сейилкандын аты чоң комузчулардын арасында аталбай калган.
Эл оозунда калган калган маалыматтар боюнча Сейилкан айтылуу Арстанбек менен комуз чертишип жеңип алган,ошондо Арстанбек Сейилканга "Ырдын кени менде экен, күүнүн кени сенде экен" - деп комуз чертүү жагынан Сейилкандын артыкчылыгын тааныган деп айтылат.
Элдик фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу убагында Сейилкандын күүлөрү кыргыз радиосунун фондуна манап тукумунун өкүлү катары кабыл алынбай четке кагылганда, аларды элдик күү катары жаздырып койгондугун айтып кеткен (Р. Жолдошов). Мисалы, "Таш жалак" күүсү Сейилкандын күүсү болгон.

Сейилкандын уулу Муса да өз убагындагы (20 кылымдын башы)чоң комузчулардан болгон.Бирок ал киши дагы "таптык"саясатка байланыштуу эл арасында таанымалдык алган эмес.Ал кездеги атактуу эки комузчу Муса болгондуктан Муса Баетовду "бала Муса", Сейилкандын Мусасын "чоң Муса" деп аташкан.
Белгилүү кино режиссер Мелис Убукеев Сейилкандын небереси болгон.