Сейит Жетимишев — жазуучу.

Сейит Жетимишев
Туулган датасы:

15 -октябрь 1936(1936-10-15) (88 жаш)

Туулган жери:

Кемин районунун Кичи-Кемин айылы

Ал Кемин районунун Кичи-Кемин айылында 1936-жылы 15-тогуздун айында туулган[1].

Сейит 1953-жылы Кичи-Кемин орто мектебин, 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ошол эле жылы ал Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Фрунзе обкомунда инструктор болуп дайындалган. 1959–1966-жылдары Сейит радиоуктурууларда редактор болуп, Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин алдындагы радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинин адабият жана жаштар редакциясында иштеген.

1967–1971-жылдары ал «Кыргызстан маданияты» гезитинин редакторунун орун басары болуп иштеген, 1971-жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин кызматкери болгон. 1973-жылы Сейит «Кыргызстан» басмасынын директору болуп дайындалган. 1975–1983-жылдары ал «Чалкан» журналынын башкы редактору, 1987-жылы «Мектеп» басмасынын директору, 1988–1992-жылдары «Адабият» басмасынын мүдүрү кызматтарын аркалаган. 1992–1997-жылдары Сейит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архивдик башкармалыктын мүдүрүнүн орун басары болуп иштеген.

Сейит чыгармачылык жолун 1950-жылдары баштап, 1962-жылы анын «Менин атам» аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн[2]. Анын чыгармалары орус тилине жана башка коңшу республикалардын тилдерине которулган. 1966-жылдан Кыргыз ССР Жазуучулар бирлигинин мүчөсү, ал эми 1967-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар бирлигинин башкармалыгынын мүчөсү болгон.

Сыйлыктар

түзөтүү

Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына ал «Каарман эмгеги үчүн» медалы, ВЛКСМ Борбордук Комитетинин жана Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1994-жылы Сейит «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган. 2007-жылы ал Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы менен сыйланган[1].

1994-жылы Сейит Кыргыз Республикасынын «Кыргыз тили» коому уюштурган Академик Болот Мураталиевич Юнусалиев атындагы сыйлыктын, ал эми 2008-жылы Кыргыз Республикасынын маданият ишмерлеринин Ассамблеясы уюштурган классик акын Аалы Токомбаев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. 2018-жылы ал расмий түрдө Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу деген ардактуу наам ыйгарылды[3].

Жарык көргөн китептери

түзөтүү

Кыргыз тилинде

түзөтүү
  • Менин атам: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 49 б.
  • Ички кайрыктар: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Мектсп, 1964. – 95 б.
  • Мезгил закымдары: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 158 б.
  • Жаш жазуучулардын аңгемелери. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 268 б.
  • Too булагы: Роман, повесть жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 464 б.
  • Эл арасында: Роман. – Ф.: Адабият, 1989. – 432 б.

Орус тилинде

түзөтүү
  • Облака над ущельями: Повести, рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1977.– 187 с.
  • Первый урок: Рассказ-быль.– Ф.: Мектеп, 1978. – 44 с.

Булактар

түзөтүү
  1. 1.0 1.1 Жетимишов Сейит. Мамлекеттик сыйлыктар.
  2. Акын Сейит Жетимишевдин 80 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өттү, УТРК (1.11.2016).
  3. Бул ирет мамлекеттик сыйлыктар татыктуу ээлерин тапты – КР эл жазуучусу, KABAR (2.10.2018).