Сейм

  • 1) Польша, Чехия жана Литванын сословиелик феод, монархияларында сословиелүү-өкүлдүк орган.
  • 2) Автономиялык укук менен Россия империясынын составына кирген Финляндия княздыгындагы (1809- 1917) парламентинин орусча аталышы.
  • 3) 1922-40-ж. Литвадагы (1922- жылкы конституциялар боюнча) жана 1922-34-ж. Латвиядагы (1922- жылкы конституция боюнча) парламент; Польшада парламенттнн төмөнкү палатасы (1921-жылкы конституция боюнча).
  • 4) Польшада 1952-жылкы конституция боюнча мамлекеттик бийликтин жогорку жана мыйзам чыгаруучу органы. Аны 4 жылга шайлайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.