Сейрек кездешүү металлдар

Сейрек кездешүү металлдар - шарттуу аталган металлдар (50дөн ашык) тобу.

Бул металлдар техникада азырынча аз пайдаланылат жана толук изилдене элек, пайдалануу масштабы туруктуу эмес. Сейрек кездешүү металлдар жер кыртышында ар түрдүү тoo тектердин арасында чачыранды түрдө аз таралгандыктан аларды өзүнчо таза түрүндө бөлүп алуу технол. жактан кыйын. Ошондуктан Сейрек кездешүү металлдардын изилдениши жана өздөштүрүлүшү кийин пайда болду.

Айрыкча 2-дүйнөлүк согуштан (1939-45) кийин Сейрек кездешүү металлдар ды пайдалануу ылдам өнүгө баштады. Алар тез учуучу самолётторду жасоого, ракета курууга, электроникага, атом энергетикасына өтө керек.

Сейрек кездешүү металлдар химиялык-физикалык каепеттеринин жалпылыгына, өндүрүп алуу, пайдалануу тохнологиясынын окшоштугуна ж. б. белгилерине карай томөнкү класстарга болүнөт: жеңил (литий, рубидий, цезий, бериллий), начар эрий турган (титан, цирконий, гафний, ванадий, ниобий, тантал, молибден, вольфрам), чачыранды (галлий, индий, таллий, германий, селен, теллур, рений), сейрек ж е р элементтери (скандий, иттрий, лантан жана лантаноиддер) , радиоактивдүү (франций, радий, актиний, торий, протактиний, уран, плутоний, полоний, технеций). Бирок, бул классификация азырынча туруктуу эмес.

Сейрек кездешүү металлдар жаратылышта өзүнчө кен катары кезикпейт. Алар айрым минералдардын курамында кошунду же айрым руда кендеринде жандооч минерал катары жолугат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.