Сейфуллин Сакен (12. 6. 1894, - 25. 2. 1938) - казак совет жазуучусу, мамлекеттик ишмер.

1918 - жылдан КПСС мүчөсү.

  • Омскидеги мугалимдер семинариясынан окуган (1913-16). Казакстанда Совет бийлигин орнотууга белсене катышкан.
  • 1919- жылдан Акмолодо, Оренбургда жетекчн кызматтарда.
  • Казак АССР ЭКСтин тунгуч председатели (1922-25), ББАКтын мүчөсү.
  • 1925-37-ж. «Энбекши казак» газетасынын, «Эдебиет майданы» журналынын редактору.

Чыгармалары 1910-жылдан жарыялана баштаган. «Кызыл шумкарлар» (1920) пьесасы - казак адабиятында социалисттик революция жөнүндөгү биринчи пьеса. «Азоо тулпар» (1922), «Домбра» (1924), «Экспресс» «Турмуш толкундарында» (1928) ыр-жыйнактары революцияны жана жаны турмушту даназалайт.

«Советстан» (1926), «Альбатрос» (1933) поэмаларында Лениндин образын түзгөн.

В. В. Маяковскийдин таасири менен казак поэзиясыпа жаңылык Киргизии, элдик яоэзиянын салттарын өөрчүткөн. Ал «Тар жол, тайгак кечүү»аттуу повесттери менен казак адабиятында реализмди изилдеген.

Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.