Сейф-Ад-Дин Аксыкенти

16-кылымдын тарыхчысы

Сейф-Ад-Дин Аксыкенти (толук аты — Сейф-ад-Дин ибн дамулла шах Аббас Аксыкенти) — 16-кылымдын башында жазылган (парс тилинде) «Мажму ат-Таварихтин» («Тарыхтардын жыйнагы») автору.

Китеп эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү Сейф-ад-Дин тарабынан жазылган. Анын бүтпөй калган экинчи бөлүгүн уулу Нур (Навруз) Мухаммед ибн Сейф-ад-Дин Аксыкенти жазып бүтүргөн. Китепте негизинен Фергана өрөөнүндөгү Ширкент жана Касан шейхтеринин фантастикалык өмүрү сүрөттөлөт. Бирок чыгарманын башында Манас баатырдын Жолой башчылык кылган калмактар менен болгон согуштары баяндалат. Андан кийин кыргыз, кыпчак, казак элдери жана калмак уруулары, ошондой эле жер, суу аттары жөнүндө маалыматтар берилет.

Сейф-ад-Дин Фергана өрөөнүндөгү Аксыкент шаарында (азыркы Кыргыз Республикасынын Жаңы-Жол районундагы Аксыкент айылы) туулган. Өмүр баяны берилбейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы / Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4