"Секундуна 5 сантиметр" (жапончо: 秒速5センチメートル - Byōsoku Go Senchimētoru, англ. 5 Centimeters per Second, орус. Пять сантиметров в секунду) - 2007-жылы Макото Шинкай тарткан жапон анимациялык драмасы. Тасма 2007-жылы 22-январда тартылып бүткөн. Тасманын биринчи бөлүгү 2007-жылы 16-19-февраль ичинде "Yahoo! Japan" желесине "Yahoo! Premium" мүчөлөрүнө жүктөлгөн. 2007-жылы 3-мартта тасманын толук бөлүгүнүн бетачары Токиодо "Cinema Rise"да өткөрүлгөн. Тасма бир саатка жакын убакытка созулган "Черри Блоссом", "Космонавт" жана "Секундуна 5 сантиметр" аттуу бөлүктөрдөн турат. Синкайдын мурунку эмгектериндегидей эле тасманын музыкасын Тенмон жазган. Тасма 2007-жылы "Asia Pacific Screen" сыйлыгынын "Эң мыкты анимациялык тасма" наамын алган. Тасманын DVD варианты 2007-жылы 19-июлда чыккан.

Секундуна 5 сантиметр
Режиссеру Макото Синкай
Сценарийи Макото Синкай
Негизинде Секундуна 5 сантиметр романы.
Макото Синкай
Музыкасы Тенмон
Студия CoMix Wave Inc.
Чыккан жылы 3-март, 2007-ж.
Узактыгы 63 мүн
Өлкөсү  Жапония

Тасма роман түрүндө 2007-жылы ноябрда жарыкка чыккан. 2010-жылы июлда "Afternoon" манга антологиясынын басылмасында Сеике Юкиконун тасманы иллюстрациялаган мангасы жарыяланган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү