Селейме — катуу кармама жугуштуу оору. Адамдын нерв системасы жабыркап, денеси карышат. Ооруну Селейме бактериясы (анаэроб) козгойт.

Оорунун жугушу түзөтүү

Козгогуч жаныбарлардын заңы менен сыртка чыгып, спорага айланат. Споралары сырткы чөйрөнүн түрдүү шартына туруктуу, топуракта жылдап жашайт. Спора айрылган, тытылган тери же жараат аркылуу, кээде жуулбаган жашылча-жемиштерден да жугат. Организмде спора бактерияга айланып, уу бөлүп чыгарып, бүткүл нерв системасын ууландырат.

Оорунун алгачкы белгилеги түзөтүү

Оору 2—14 күнгө (кээде 30 күнгө) чейин билинбейт (жашыруун мезгил). Айрым учурда оорунун алгачкы белгилери байкалат. Көбүнчө жаак булчуңдары карышып башталат; оорулуу оозун ача албайт же оозу жылмайгандай болуп ачылат. Кашы жогору тартылып, чекеси бырышат; кежигеси тырышып, башы чалкалайт, кыр аркасы жаа сымал ийилет. Төшөккө согончогу менен башы гана тиет. Айрым учурда булчуңдары үзүлүп, сөөгү сынып кетет. Алкым булчуңу, боор эт карышкандан деми кыстыгып муунганда адам майып болот. Оорулуунун дене температурасы өзгөрбөйт, эс-акылы жоголбойт.

Ооруну дарылоо түзөтүү

Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт. Оорунун алдын алуу үчүн Селеймеге каршы. пландуу түрдө эмдөө жүргүзүлөт. Талаада, көчөдө кырсыкка чалдыкканда тезинен дарыгерге кайрылуу зарыл. Дарыгер жараатты гана дарылабастан Селеймеге каршы алдын алуу чараларын көрүп, кан сары суусу, иммуноглобулин, анатоксин куят.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8