Селимбай, Селим — «Манас» эпосунун эпизоддук кейипкери, коңурат уруусунун мыктысы, Алмамбет менен Көкчөнү араздаштыргандардын бири. « Алмамбетти өлтүрө албайбыз. Андан көрө Көкчөгө Акеркеч экөө жакындашып алыптыр, экөөлөп сени өлтүрүп койбосун деп жамандай берели. Бизге ишенбей коюшу мүмкүн. Токолу Буудайбекти күбө кылып, чын дедирсек Көкчө ишенет» деген акылды С. айтат (Сагымбай Орозбак уулу, 2. 243, 247).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4