Селкинчек тебип жатып жерден таш алмай

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—4 киши.

Оюн дарактуу жерде, аянтчада өткөрөт.

Оюнда аркан колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар аркандын учтарын дарактарга бекем кылып байлашып, жерге таш коюшуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден селкинчек тебишип жатышып, жердеги ташты алууга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Селкинчек тебип жатып, жердеги ташты бат алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү түзөтүү

Селкинчек тебип жатып суу ичмей.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга жардам берүүгө тербелүүнүн күчүн азайтууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, тербелүүнүн күчүн эсептөөгө, болжолдоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү