Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюнда аркан колдонулат.

Оюн дарактуу жерде өткөрүлөт,

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар аркандын учтарын бекем кылып дарактарга байлашып, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден селкинчекке отурушуп, буттарын жерден көтөрүшүп, колдору менен арканды кармашып, буттары менен катуу шилтешип селкинчек тебишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бири-бирине жакындоого, тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Селкинчекти алты бакандарды тургузуп курса дагы болот. Селкинчекти буттарында турушуп тебишсе дагы болот.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч тарбияланат, тең салмакты сактоого, чечкиндүүлүккө, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү