Семёнов мөңгүсүСары-Жаз кырка тоосунун түндүк капталында.

Сары-Жаз суусунун алабында. Уз. 21 км, туурасы 1,3-1,6 км. Жалпы аянты 74,6 км2. Башы деңиз деңгээлинен 5816 м (Семёнов чокусу), этеги 3430 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4200 м, тескейинде 3900 м, күңгөйүндө 4350 м. Азыркы мезгилде мөңгүнүн бети жана этеги эрип, артка чегинүүдө. 20-кылымдын башынан 1700 мге чегинип, аянты 2,33 км2ге кичирейген. 1943-60-ж. эң тез чегинүү байкалып, бир жылда 75 мге жеткен. Андан Сары-Жаз суусу башталат.

Мөңгү белгилүү саякатчы П. П. Семёнов Тянь-Шанскийдин ысымынан аталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2