Сенсуализм (лат. sensus – кабыл алуу, туюу) – сезим, туюмду дүйнө таанымдын негизги булагы деп эсептеген философиялык багыт.

Сенсуализм рационализмге (акыл-эс) карама-каршы турат. Сенсуализмдин материалисттик жана идеалисттик түрлөрү бар. Идеалисттик сенсуализм сезим-туюмду тышкы дүйнөгө байланышпаган субъективдүү кубулуш деп эсептейт. Ал Протагордон башталып, Ж. Беркли, Д. Юм тарабынан өнүктүрүлгөн. Материалисттик Сенсуализм сезим-туюмду объективдүү чындыктын чагылышы катары карайт. Ал Эпикурдан башталып, Т. Гоббс, Ж. Локк тарабынан өнүктүрүлгөн. Гольбах, Гельвеций, Фейербахтардын Сенсуализмминде акыл-эстин дүйнө таанымдагы ролу белгиленген. Бирок ал чектелген мүнөздө болгон.

19–20-к-дагы буржуазиялык философияда Сенсуализм түшүнүгү улантылган. Диалектикалык материализм таанымдагы сезим-туюмдун акыл-эс жана тажрыйба менен болгон байланышын көрсөтүп, алардын диалектикалык биримдигин аныктайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү