Сергей Павлович Королёв укр: Сергі́й Па́влович Корольо́в (Королів) [30. 12. 1906 (12. 1. 1907), Орусия империясы, Волынь губерниясы, Житомир шаары – 14. 1. 1966, СССР, Москва шаары] – ракета куруу жана космонавтика боюнча орус совет окумуштуусу, конструктору, СССР Илимдер академиясынын академиги (1958; корреспондент мүчөсү, 1953), эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1956, 1961).

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Конструктор Сергей Королёв падышалык Орусиянын Житомир шаарында туулган.
Сергейдин атасы орус тили менен адабиятынан сабак берген Павел Яковлевич Королёв (1877—1929) деген мугалим болгон. Ал өзү беларустардын Могилёв (белорусча: Магілёў) шаарынан чыккан.

Сергейдин энеси азыркы Украинанын Чернигов облусуна караштуу Нежин (украинче: Ніжин) шаарынан чыккан көпөстүн кызы Мария Николаевна Москаленко (соңку күйөөсүнүн тегаты боюнча – Баланина; 1888 — 1980) болгон.

Павел Королёв уулу үчкө чыкканда Мария Москаленко менен ажырашып үйдөн чыгып кетет да, кичинекей Серёжа таятасы Николай Яковлевич Москаленко (1859—1921) менен тайэнеси Мария Матвеевнанын (1867—1936) колуна Нежин шаарына жиберилет.

1915-жылы Сергей Киев шаарында даярдык көрүү классына бара баштайт.

Кийинчерээк, 1917-жылы ал энеси Мария Николаевна менен өгөй атасы Григорий Михайлович Баланин (1881 — 1963) менен чогуу Одесса шаарына келип, мында гимназиянын биринчи классына барган.

1924-жылы ал Одесса курулуш кесиптик мектебин бүтүрүп, Киев политехникалык университетине сынаксыз кабыл алынган. Эки жылдан соң Бауман атындагы Москва жогорку техникалык окуу жайынын Механикалык факультетинин аэромеханикалык бөлүмүнө которулуп келет.
1927-жылдан авиация өнөр-жайында иштеген. Москва жогорку техникалык окуу жайын (1930), аны менен катар Москва учкучтар мектебин бүтүргөн. Борбордук Аэрогидродинамика институтунда (Москва) ага инженер (1930) болуп иштеп жүрүп, бир нече ийгиликтүү учурулган планер түзгөн.

К. Э. Циолковский жана анын иштери менен таанышкандан кийин ракета тибиндеги учуучу аппаратты түзүү идеясы кызыктырган. 1931-ж. Ф. А. Цандер менен бирге Москвада реактивдүү кыймылды изилдөөчүлөр тобун (ГИРД) түзүүгө катышып, аны жетектеген (1932). Советтик биринчи суюк отундуу «ГИРД-09» ракетаны учурууга катышкан.
1934-ж. «Ракета менен стратосферага учуу» деген эмгеги жарыяланган.

1938-1944-жылы жалган жалаа менен ГУЛагда болгон. Абакта кезинде эле 1940-жылдан тартып "Туполевдин шарашкасында" илимий иш жүргүзгөн.

1944-жылы абактан чыгып, бирок толугу менен 1957-жылы гана акталган.

СССРдин башкы космостук конструктору кызматын өмүрүнүн акырына чейин аркалаган.

1966-жылы нварда ийгиликсиз аяктаган операциянын айынан көз жумган. Сөөгү Кремлдин дубалынын түбүнө коюлган.


Илимий салымдары түзөтүү

Космос мейкиндигин өздөштүрүүдөгү алгачкы жетишкендиктер С. Королёвдун ысмына байланыштуу. С. Королёвдун илимий жана техникалык идеялары ракеталык жана космостук техниканы түзүүдө кеңири колдонулду.
Көптөгөн ракета түрлөрү, ракета алып жүргүчтөр, «Восход» жана «Восток» кемелери, адамдын тарыхта 1-жолу космоско учушу жана кеменин сыртына космос мейкиндигине чыгышы анын жетекчилиги менен болду. С. Королёвдун жетекчилиги менен түзүлгөн ракета-космостук системалар дүйнөдө биринчи болуп Жер жана Айдын, Күн, Чолпон, Марстын жасалма жандоочуларын учурууда колдонулду. Натыйжада Айдын бетине жумшак кондурулган планета аралык автоматтык станцияларды учурууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. «Электрон», «Молния-1», «Космос» сериясындагы көптөгөн жандоочулар жана «Зонд» сериясындагы планета аралык алгачкы чалгындоочтор С. Королёвдун жетекчилиги менен жасалды.


Сыйлыктары, наамдары түзөтүү

Лениндик сыйлыктын лауреаты (1957). эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССР ИАсынын академиги (1958).

Үч Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Сергей Королёв 1931-жылы баш кошкон биринчи аялы Ксения менен 1949-жылы ажырашып, өзү жактырып калган башка аялга — Нина Ивановнага (20.10.1920—25.4.1999) үйлөнгөн. [1]

С.Королёвдун Ксениядан төрөлгөн кызы Наталиядан жээн неберелери жана чөбөрөлөрү бар.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Королёва Н. С. Отец. В 2-х книгах. — М.: Наука, 2007. — ISBN 5-02-034432-X, ISBN 5-02-034428-1.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
  • С. П. Королёв. Энциклопедия жизни и творчества / под ред. В. А. Лопота. — РКК «Энергия» им. С. П. Королёва, 2014. — 704 с. — 5000 экз. — ISBN 978-5-906674-04-3.


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Ички шилтемелер түзөтүү

  1. https://www.azattyk.org/a/ussr_space_1938-39_stalin_purge_sergei-korolev_blog_in_kyrgyz/29720628.html