Сечтер, Запорожье сечн -16- 18-кылымда Днепрдин төмөнкү боюнда жашаган украина казактарынын коомдук-саясий жана аскердик уюмдары.

Крым татарларынын жана поляк, литва феодалдарынын тынымсыз кол салуулары казактарды колуна курал алууга, чакан жыгач чептерди («шаарчаларды» - «сечтерди») курууга аргасыз кылган.

16-кылымдын 30-жылдары чачкып казак сечтери биригип, Запорожье сечин түзгөн. Жогорку бийлик органы - Аскер радасында атаман, катчы, сот ж. б. шайланган. Бүткүл бийлик атамандын колунда болгон. Таптык ыдыроо процессинде Сечтердеги казактар бай жана кедейге бөлүнгөн. Сечтер татар-түрк баскынчыларына каршы күрөшүп, поляк хандарынын эзүүсүнө каршы чыккан дыйкан казактар көтөрүлүштөрүнө, украин элинин боштондук күрөшүнө (1648-54) активдүү катышкан.

Сечтердин казактары Булавин көтөрулушун (1707-09) колдогон. 1709-ж. падыша өкмөтү Сечтерди Украинадагы антифеодалдык, күрөштүн борбору катары жойгон.

Запорожьеликтердин бир бөлүгү Крым хандыгынын аймагына өтүшкөн. 1734-ж. орус өкмөтүнүн уруксаты боюнча алар оз аймагына кайтып келип, жаңы сечь түзүшкөн. Запорожье сечинин казактарынын поляк жана украин феодалдарына, татар-түрк баскынчыларына каршы боштондук күрөшүнүн урматына Хортита а.

1965-ж. мамлекет тарыхый-маданий корук деп жарыяланган.

Колдонулган адабияттарОңдоо

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.