Сидерит
Сидерит (гр. sideritis, sideros - темир дегенден), темир шпаты - карбонаттар классына кирүүчү минерал.
Химиялык формуласы Fe(C03), Тригонал системасында кристаллданат. Өңү саргыч, боз, бозомтук-жашыл, убөлөнуүдө күрөң тускө өтөт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 4.5: салышт. салм. 3.9.
Сидерит гидротерм, седиментоген жана метаморфизм процесстеринде пайда болот. Үбөлөнүүдө жана кычкылданууда Сидериттен гидрогётит же гидрогематит пайда болот. Сидерит - темир рудаларынын баалуу минералдарынын бири.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.