Симеóн Бекбулáтович (чокундургуча Саин-Булат хан, тат. ساین بولاط, монахчылыкта Стефан; 1616-жылы 5 январьда Москва шаарында каза болгон) — 1567-1573 жылдары Касыйм ханы, султан Бек-Булаттын баласы, Улуу Ордону башкарган Ахмат хандын чебереси. Атасы менен бирге Иван IV Васильевич Грозныйга кызматка өткөн. 1570жылдары Ливон чабуулдарына катышып жүргөн. Опричнина жылдары Иван Грозный Симеонду Бүткүл Русь Улуу князы (1675-1676) кылган. Чыңгыз-Хандын урпагы саясатта Ивандын адамы болуп, эч кандай салмакка ээ болгон эмес.1576 жылдан тарта Улуу Тверь князы.

Симеон II Бекбулатович
Симеон II Бекбулатович
Иван Грозный Симеон Бекбулатовичтин үйлөнүү тоюнда
Желек
Желек
Бүткүл Русь улуу Князы
1575 — 1576
Андан мурунку: Иван IV
Андан кийинки: Иван IV
 
Каза болгон жылы: 5.1.1616
Симонов монастырь, Москва
Уруусу: Гераи
Атасы: Бек-Булат
Апасы: Евдокия Стрешнева
Жубайы: Анастасия Мстиславская

Өмүр баяны түзөтүү

 
Борис Годунов
 
Саин-Булатты такка отургузган Иван Грозный

1573-жылдын июль айында Иван IV айтуусу менен Саин-Булат Симеон ат менен чокундурулган. Ошол эле жайда аялдыкка мурунку земщиктин башчысы, князь Иван Фёдорович Мстиславскийдин жесир калган кызы Анастасия Черкасскийди алат. Ал падышалык фамилиянын София Палеологтун тууганы болгон. Алардын никесинде 6 бала: 3 уул — Федор, Дмитрий, Иоанн жана 3 кыз Евдокия, Мария, Анастасия болгон. Жазылган маалыматтарга караганда бул балдар Иван III жана София Палеологтун акыркы урпактары болгон. Симеон Бекбулатович өзүнүн балдарынын жана аялынын өлүмүн баштан өткөргөн.

1575-жылы падыша Иван Васильевич тактан баш тартып, Симеон Бекбулатовичти такка отургузуп койгон.Симеон Бекбулатович 11 ай Бүткүл Русь Улуу князы болгон. Анын аынан жазылган грамоталар да белгилүү. 1576-жылы Иван Васильевич Симеон Бекбулатовичти Улуу Тверь князы кылып, өзү кайра такка отурган.

1575-жылдын күзүндө Кремльдин Успенск соборунда Симеон Бекбулатович такка отургузулган:

  «…посадил царем на Москве Симеона Бекбулатовича и царским венцом его венчал, а сам назвался Иваном Московским и вышел из города, жил на Петровке; весь свой чин царский отдал Симеону, а сам ездил просто, как боярин, в оглоблях…»  

Симеон салатанаттуу түрдө такка отургузулуп, земсктик боярлардын председатели болуп, өзунүн атынан мамлекеттик буйруктарды берип турган. Нрозный Петровкада чакан абалда жашап жаткан учурда Симеон Москвада чоң жерде турган. Иван Грозный Симеонго жиберилген кайрылууларында падышага берилген сый-сыйпаны көрсөтүп турган. Формальдык түрдө мамлекет Улуу князь Симеондун ээлиги жана Ивандын удели болуп экиге бөлүнүп турган. Чындыгында бийликтин баары иван Грозныйга тиешелүү болгон. Москвада Симеон Бекбулатович 11 ай гана мамлекетти башкарып турду. Андан соң Улуу Тверь князь наамы менен Тверьге жөнөтүлгөн.

Иван Грозный каза болгон соң, ар бир боярин жыңы падыша Борис Годуновко «Симеон Бекбултовичти жана анын урпактарын, башка улуттун өкүлүн такка жолотпойбуз» деп сөз беришкен. Борис Годунов башкарып турган учурда Симеон уделинен айрылып, тверь вотчинасына айдлган. Жарды, сокур (Борис Годуновтун буйругу менен сокур кылынган) жашаган. Борис Годунов такка отурган учурда анын каршылаштары Симеондун пайдасына элди үгүттөй баштайт. Корккон падыша Симеонду алыскы шаарга айдалат.

Лжедмитрий I Симеонду Кирилло-Белозерск монастырында Стефан атында жүргөн учрда жолуккан. Ошол эле жылы Василий Шуйский Симеонду Сословкага айдайт. 1616-жылы 5 январьда каза болуп, Симонов монастырында аялынын жанына коюлган. Азыркы учурда мүрзөө жок. Анын ордунда Көркөм өнөр үйү жайгашкан.

Кээ бир политологтор Симеонду премьер-министр (ал учурда президент) Медведев Дмитрий Анатольевич менен салыштырып келишет.

Чыңгыз хандын урпагы түзөтүү

Симеон Чыңгыз хандын урпактарынын бири болгон. Чокундурулганча Саин-Булат деп аталган. Атасы Бек-Булат Алтын Ордонун башкаруучуларынын урпагы болгон. Бек-Булат Алтын Ордонун акыркы ханы Ахмат хандын небереси. 1558-жылы Иван IV Бек-Булатты өзүнө кызмат өтөөсүнө чакырган. Бек-Булат 1566-жылы кызмат өтөп жүрүп каза болот. Бек-Булат каза болгон соң, кызматты анын баласы Саин-Булат улантат. Расмий кагаздарда Саин-Булат астрахань царевичи болгон. 156-жылдын акырында Саин-Булаттын көтөрүлүшү болот.Иван Грозный Саин-Булатты Хан-Керманын тагына отургузат. Ошол учурда Хан-Керма Касыйм шаары деп аталчу.

Адабияттар түзөтүү

  • Шикман А. П. Ата-мекендик тарыхтын ишмерлери. Биографиялык справочник. — М., 1997.
  • Чоң энциклопедия, т. 17. — Спб.: Т-во «Просвещение», без даты (не ранее 1903).

Шилтемелер түзөтүү