Ливон согушу (1558-83) Балтика боюна жанa Балтика деңизине чыгуу үчүн Россиянын Ливон ордени.

Шве­ция, Польша жанa Литва улуу княздыгы менен согушу. Россия Балтика боюн ээлеп, деңиз аркылуу Европа өлкөлөрү менен соода жүргүзүү максатын көздөгөн. Бул максатты орус көпөстөрү менен ак сөөктөрү кубаттаган. 1558-ж. Иван ІV Ливон орденине согуш ачкан. Орус аскерлери Нарва менен Дерптти ээлеп. Ревелге жакындаган. Россиядан чочулаган Литва менен Дания Ливонияны колдогон. 1560-ж. орус аскерлерлеринин соккусунан Ливон ордени кулап, анын аймагын Польша, Швеция жана Дания бөлүп алган. Ливон согушунун экинчи мезгили 1561-ж. башталып, анда Россия Польша королдугуна, Литва улуу княздыгына, Швеция жана Данияга каршы согушкан. 1563-ж. орус аскерлери Полоцк чебин алган.

Князь А. М. Курбскийдин чыккынчылыгы, Польша менен Литванын, бир мамлекетке — Речь Посполитага биригиши (1563), ИванІVнүн ички саясаты (опричнина), түштүк крым татарлардын казаттары Россиянын абалын оордоткон. Поль­ша 1579-ж. чабуулга өтүп, Полоцк, Великие Луки шаарларын ээлеп, 1581-ж. Псковду курчап алган.

Ушул эле жылы шведдер Нарва менен Корелди ээлеген. 1582-ж. түзүлгөн 10 жылдык келишим боюнча Полоцк менен Ливония Речь Посполитага карай, ал басып алган орус жерлери Россияга кайрылган. 1583-ж. Плюсск келишими боюнча Нарва, Ям, Копорье жана Ивангород шведдердин ээлигинде калган.

Ливон согушу Россия үчүн ийгиликсиз аяктаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.