Симонов Константин (Кирилл) Михайлович

Симонов Константин (Кирилл) Михайлович (15(28). И. 1915, Петроград - 28. 8. 1979, Москва) - орус совет жазуучусу, коомдук ишмер, Социалисттик Эмгек Баатыры (1974). 1942-жылдан КПСС мүчөсү.

М. Горький атындагы адабият институтун бүткөн (1938). Чыгармалары 1934- жылдан жарыялана баштан, учурдун урунттуу маселелери - согуш тематикасы, патриотизм жана интернационализм, совет адамдарынын адеп-ахлагы, достугу жана сүйүүсү жөнүндө.

Симонов - көп лирикалык жыйнактын (мисалы, «Достор жана душмандар», 1948; СССР мамлекеттик сыйл., 1949), поэмалардын (мисалы, «Павел Чёрный», 1938), пьесалардын (мисалы, «Биздин шаардык жигит», 1941; СССР мамлекеттик сыйл., 1942; «Орус адамдары», 1942; СССР мамлекеттик сыйл., 1943; «Орус маселеси», 1946; СССР мамлекеттик сыйл., 1947; «Чоочун көлөкө», 1949; СССР мамлекеттик сыйл., 1950), повесттин («Күн-түнү», 1943- 44; СССР мамлекеттик сыйл., 1946) автору «Өлгөндөр жана тирүүлөр» үчилти- гинде (1954-59; Лениндик сыйл., 1974), «Куралдаш курдаштар» (1952), «Жоокер болуп туулбайт» (1963-64), «Акыркы жай» (1970-71) романдарында Улуу Ата Мекендик согушта совет эли баскан катаал жол сүрөттөлөт.

Чыгармалары СССР элдеринин (кыргыз тилине да) жана чет эл тилдерине которулган. Симоновдун коомдук ишмерлиги ар тараптуу: «Литературная газетанын», «Новый мирдин» редактору, СССР жаз. союзунун башкармасынын ген. секретарына орун басар (1946- 54), секретары (1954-59 жана 1964- жылдан бери).

КПСС БКнын мүчөлүгүнө кандидат (1952-56), КПССтин Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү (1956-61 жана 1976-жылдан бери). СССР Жогорку Советинин (2-3- шайл.) депутаты. Үч Ленин ордени, башка 5 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.