Симфониялык музыка – симфониляык оркестрге жазылган муз. чыгарма.

Симфониялык музыкага хор, ырчы-солисттер катышып, аспаптык жагы басымдуу болгон, ошондой эле жалгыз аспап же оркестр үчүн жазылган чыгармалар да кирет.

Негизги жанрлары - симфония, увертюра (өз алдынча концерттик пьеса же операга кириш бөлүм), концерт, сюита, симфониялык поэма, фантазия ж. б. Операнын оркестрлик эпизоддору - симфониялык картиналар, интермецо да Симфониялык музыкага жатат.

Симфониялык музыканын өнүгүшү 18-кылымда симфониялык оркестрдин классикалык түрүнүн калыптануусуна байланыштуу.

Симфониялык музыкага негиз салуучулар: Й. Гайдн, В. Моцарт менен Л. Бетховен. Бетховендин чыгармачылыгы дүйнөлүк Симфониялык музыканын туу чокусу болуп саналат.

Симфониялык музыканын өсүшүно орус комп. М. А. Балакирев, Н. А. Римский-Корсаков, А. П. Бородин, М. П. Мусоргский, П. И. Чайковский, кийин А. К. Глазунов, С. И. Танеев, G. В. Рахманинов, А. Н. Скрябин чоң салым кошкон. Орус С. мененын салтын советтик композиторлор (Н. Я. Мясковский, С. С. Прокофьев, Д. Д. Шостакович, А. И. Хачатурян ж. б.) жаңы маани, жаны мазмунда, азыркы доорубузга ылайык өнүктүрүүдө.

Кыргыз Симфониялык музыканын көрүнүктүү чеберлери - А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, Т. Эрматов, А. Жаныбеков ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.