Синай агамасы (лат. Pseudotrapelus sinaitus) — Агамалар уруусуна кирген кескелдирик. Pseudotrapelus монотиптик тукумдун жалгыз өкүлү.

Синай агамасы
Agama sinaita.
Илимий классификациясы
Домен: Эукариоттор
Дүйнөсү: Жаныбарлар
Классы: Сойлоп жүрүүчүлөр
Тиби: Хордалуулар
Отряды: Кабырчыктуулар
Уруусу: Агамалар
Тукуму: Псевдотрапелюстер
Түрү: Синай агамасы
Эл аралык илимий аталышы
Pseudotrapelus sinaitus (Heyden, 1827)

Түзүлүшү түзөтүү

Сырткы түзүлүшү түзөтүү

 
синай агамасынын ургаачысы.

Pseudotrapelus тукуму төмөнкү белгилер менен мүнөздөлөт:

  • Кулак көңдөйү көзүнө караганда чоң келет;
  • Жон кабырчыктары салыштырмалуу майда, бирдей өлчөмдө, учтуу келишет;
  • Буттары абдан узун;
  • 3-манжасы 4-гө караганда узун;
  • Куйрук кабырчыктары шакекчелерди түзүшпөйт.

Дененсинин узундугу көбүнчө 18 см болот. Көбөйүү учурунан башка учурларда, түсү - күрөң. Ургаачы особдордун түстөрү жумурткалоо алдында өзгөчөлөнүп өзгөрөт: башынын түсү-ачык көгүлтүр, жонунда сары-кызгылт сызыктар пайда болот. Жумуркалабаган ургаачылардын денесинин алды жагы көк келет. Эркек особдор, дүүлүгүү учурунда жалтырак көк түстө, айрыкча башы, төшү жана моюуну.

Таралышы түзөтүү

Түндүк Африкада, Арабстанда жана Жакынкы Чыгышта кеңири тараган. Синай агамасынын ареалы Түштүк-Чыгыш Ливия, Чыгыш Египет, Синай жарым аралы, Израиль, Иордания, Сирия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираты, Оман, Чыгыш Судан, Эфиопия жана Эритрея эсептелинет.

Жашоо өзгөчөлүгү түзөтүү

Синай агамасы күндүзгү, бирок жашырынып жашаган жаныбар, ошону менен бирге эле, бутунун узундугунун жардамы менен тез чуркагандыктан, ачык аймактарда да байырлайт. Ал - аска-тоо боорлорунда жана өтө кургак, ысык чөлкөмдөрдө да жашай алат. Кайсыл жер болбосун Синай агамасы вулкан тектеринде жана зоолордун таштуу жерлеринде жайгашат.

Түштүк Синайда, бул агамалар деңиз деңгээлинен 900 м бийиктикте, ал эми Вади Рахабда болжолдуу 1600 м бийиктикте табылган.

Жашырынуучу жайы катары агамалар, аскалардын жылчыктарын тандашат. Эгер ачык жерлерде болуп калса, эки буттап чуркап качуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Популяциясынын жыштыгы салыштырмалуу абдан төмөн.

Азыктанышы түзөтүү

Синай агамасынын азык тизмегине кумурскалар, чегирткелер, доңуздар, термиттер киришет. Аң улоодо агамалар негизинен көздөрүнө таянышат: ал өсүмдүктөрдүн, таштардын же дарактардын көлөкөсүндө жашынып, курт-кумурска же башка омурткасыз жанына келгенде гана кармоого киришет.Анча чоң эмес курт-кумурсканы кармоо үчүн, мисалы, кумурска жана термит, агама тилинин учун колдонот. Агаманын тилинин учунда шилекей бездери бөлүп чыгарган илээшкек шилекей бар.

Көбөйүшү түзөтүү

Көбөйүү убактысы климатка жараша болот. Мисалы, Израильде бугу-баш оона айлары. Бул убакын ичинде эки особ тең аймакка ээ болушуп, мисалы, чогулган таштак жер ж.б., ал аймактан эч жака кетпей, кайтарышат. Агамалар коммуникация үчүн көптөгөн кыймыл аракеттерди (көздөрүн кыймылга келтирүү, ийилүү, клдыңкы буттарын көтөрүп, түшүрүү ж.б.) колдонушат.

Жумуркалоо теке айынын башында башталып баш оона айында бүтөт. Болжолдуу 5-9 жумуртка туушат.

Классификациясы түзөтүү

Түр эки түрчөнү түзөт:

  • Pseudotrapelus sinaitus sinaitus
  • Pseudotrapelus sinaitus werneri

Шилтемелер түзөтүү

Адабияттар түзөтүү

  • (en) W. Kästle, H. H. Schleich and K. Kabisch. Amphibians and reptiles of North Africa: biology, systematics, field guide. — Koeltz Scientific Books, Germany 1996.