Сингапур ашканасыСингапурда белгилүү болгон ар түрдүү тамак-аштардын түрлөрүн билдирген жалпы термин. Сингапур ашканасы түрдүү улуттардын: малай, кытай, индонезиялык, индиялык, тайлык жана европалык ашканалардын таасири астында өнүккөн. Филиппин жана жакынкы Чыгыш ашканаларынын таасири да сезилет.

Жергиликтүү тамак-аштын көп маданияттуулугу, түрдүү стилдеги эл аралык ашканалардын оңой жеткиликтүүлүгү жана баасынын кеңири диапазону Сингапурду “тамак-аш бейишине” айлантат.[1] Алгачкы сингапурдук иммигранттар тарабынан даярдалган түрдүү тамактардын ыңгайланышы, бир нече улуттук ашканалардын кезигишинде жаңы тамактардын пайда болушуна алып келген.[2]

Сингапурдуктар ресторандарда эмес, Hawker Centreде (фут-корту, эл аралык буфет) тамактанышат. Бул Hawker Centre кеңири таралган, арзан жана адатта ондогон күркөлөрдөн турат, алардын ар бири өз фирмалык тамактарын сунуштайт.[3] Адатта, Hawker Centre бир эле учурда бир нече улуттук ашканалардын тамактарын тартуулайт.[4] Hawker Centre турак жай комплекстеринин короолорунда да жайгашуусу мүмкүн.

2016-жылы Hong Kong Soya Sauce Chicken Rice and Noodle жана Hill Street Tai Hwa Pork Noodle эки Мишлен жылдызы менен сыйланып, дүйнөдөгү биринчи көчө тамак-аш мекемеси болуп калды. Биринчи мекеме ошондой эле "Мишлен жылдызы менен белгиленген эң арзан тамак-аш" наамын алган.[5]

2020-жылы ЮНЕСКО тарабынан Сингапурдун Hawker Centre маданияты адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы катары таанылган.

Шилтемелер түзөтүү

  1. The dish worth a 15-hour flight. bbc.com. Текшерилген күнү 10 -март (жалган куран) 2022.
  2. The man behind fish head curry. straitstimes.com. Текшерилген күнү 10 -март (жалган куран) 2022.
  3. Local Dishes. visitsingapore.com. Текшерилген күнү 10 -март (жалган куран) 2022.
  4. Singapore travel guide. thebestsingapore.com. Текшерилген күнү 10 -март (жалган куран) 2022.
  5. Michelin star for Singapore noodle stall where lunch is half the price of a Big Mac. theguardian.com. Текшерилген күнү 10 -март (жалган куран) 2022.