Синтагматика

  • 1) Тил системасын изилдөө аспектилеринин бири; ага ылайык реалдуу кеп агымында же текстте тилдик бирдиктердин өз ара айкашып, удаалаш жайгашуусунун натыйжасында келип чыккан өзгөчө, синтагмалык байланыштары талдоого алынат; тилди үйрөнүүнүн бул аспектиси парадигматикага каршы коюлат;
  • 2) тилдик бирдиктердин ортосундагы байланыштын сызыктуу планын туюндурган "кептин же тексттин синтагматикалык планы" түшүнүгүнүн синоними; мында синтагматика бирдиктердин кепте же текстте бир мезгилде жүзөгө ашуусун иликтөөгө алат;
  • 3) синтагма жөнүндөгү окуу же тилдик бирдиктердин "горизонталь боюнча" байланыштарынын синтагмалык типтери жөнүндөгү окуу.

Синтагмалык байланыштар тилдин түзүлүшүнүн бардык деңгээлдеринде орун алгандыктан, азыркы тил илиминде фонетикалык. фонологиялык, морфологиялык, лексикалык ж.б. синтагманы бөлүп кароого болот.

Кепте (текстте) тилдик бирдиктерди синтагмалык талдоо эки башка ба-гыт боюнча жүргүзүлөт: биринчиси валенттүүлүк анализинин методикасы жана тилдик бирдиктердин айкашуу касиеттери менен байланышта болсо, экинчиси дистрибутивдик анализдин методикасы менен байланышта. Синтагмалык анализ тилдик удаалаштыктарды мүчөлөштүрүү жана алардын курамын аныктоо ыкмаларынан; бир бирдиктин башка бирдикке таасир этүүсүн же алардын өзара байланышын аныктоонун өзгөчө жолдорунан турат.

Синтагматика менен парадигматика логикалык принциптери боюнча бири-бирине каршы коюлат: синтагма үчүн логикалык коньюнкция принциби, б.а., "жана жана" байланышы же реляция мүнөздүү, парадигматикага логикалык дизьюнкция принциби, б.а., "же-же" байланышы же корреляция тиешелүү.

Синтагматика менен парадигматиканын салыштырмалуу аныктамасы тил илиминдеги эң татаал теориялык маселелердин бири болуп эсептелет жана алар тилдин бардык катмарларында орун алат. Синтагмалык жана парадигматикалык байланыштар тилдин түзүлүшүнүн бардык деңгээлдеринде орун алгандыктан, тандалып алынган бирдикке жараша тиешелүү дисциплинанын бөлүгү катары каралат (фонетикалык, фонологиялык, морфологиялык синтагматика) да, берилген деңгээлдеги синтагмалык байланыштарды сыпаттоого багытталат.

Синтаксисте Синтагматика өзгөчө мааниге ээ, себеби Синтагматиканын эрежелери синтаксистин бардык чөйрөсүнө тиешелүү. Мында Синтагматика синтаксистик конструкцияларда бирдиктердин өзара айкашуу эрежелеринин жыйындысы болуп эсептелет. Сөз синтагмалык да, парагдигмалык да мүнөзгө ээ бирдик болгондуктан, анын Синтагматикалык мүнөзүн изилдөө да маанилүү. Сөздүн Синтагматикасын сыпаттоо анын лексикалык маанисин аныктоонун негизги аспектиси болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4