Синтетикалык суюк отундар

Синтетикалык суюк отундар - синтетикалык жол менен алынып, түрдүү кыймылдаткычтарда отун катары жумшалуучу углеводороддор аралашмасынан турган күйүүчү суюктуктар.

Алар табигый газдарды жана көмүрдү кайра иштөтүүдө алынган СО менен Н2нин аралашыасынан синтезделет.

Бул процесс жогорку температура жана басымда катализаторлордун (Ni, Со, Fe ж. б.) катышуусу менен өтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.