Скандиванизм - Скандинавия өлкөлөрүн мамлекеттик, саясий, экон. жана маданий жактан бириктирүү идеясын таратуучу агым.

Тар мааниде19-кылымдын 40-60-жылдарындагы кыймылды, кең мааниде - капитализм доорундагы бириктирүү тенденциясын көздөгөн агымды түшүндүрөт. Скандиванизм Скандинавия өлкөлөрүндө буржуазиянын өсүшүнөн жана чындалышынан пайда болуп, идеологиянын маанилүү элементин түзгөн.

Скандиванизм алгач 19-кылымдын 20-30-жылдары Данияда пайда болуп, негизинен студенттер, адабиятчылар, окумуштуулар тарабынан таратылган. Швецияда Скандиванизм идеясын монархия буржуазиясы жайылткан. 19-кылымдын 2-жарымында Скандинавия өлкөлөрүнүн буржуазиясы Скандиванизмдин саясий максаттарынан баш тарткан. Анткени ал бири бири менен атаандаш (конкуренциялык) курөш жүргүзүүгө кедерги болгон. 1919-24-ж. Скандиванизм маданий-агартуу мүнөзгө (неоскандинавизм) өтүп, 20-кылымдын 50-жылдары Скандинавия өлкөлөрүнүн экон. жана маданий биригишин көздөгөн.

Скандиванизм конкреттүү тарыхый шартка жараша өзгөрүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.