Склероз — органдын, кан тамырлардын булчуңдарынын, без клеткаларынын жана башкалар туташтырма ткандар менен алмашуусунан катуулануусу.
Дени соо кишиде организмдин жашка карата өзгөрүүлөрүнө байланышкан склероз болот (мисалы, улгайган кездеги жатын менен энелик бездин склерозу). Бирок склероз көбүнчө сезгенүү процессинин кесепетинен болуп, ага айрыкча сезгенүүнүн өнөкөт түрү (кургак учук, котон жара жана башкалар) жана ткандагы алмашуу процессинин бузулушу себеп болот. Холестериндин алмашуусу бузулганда кан тамырлар өзгөрүп атеросклерозго алып келет. Склероз болгон органдын функциясы бузулат. Эгерде жүрөк булчуңунда склероз болсо (кардиосклероз) жүрөк иши бузулуп, ак шишик басат жана башкалар.

Дарылоо түзөтүү

Склерозду алдын алууда себеп болгон ооруларды өз убагында дарылоонун мааниси чоң.