Сманалиев Дондой
Сманалиев Дондой (18. 3. 1934, Жумгал району, Сары-Камыш кыштагы -2005, Бишкек) - эмгек ардагери, дарыгер.
- Орто мектепти Жумгал раойнундагы жатак-мектептен аяктаган (1952).
- Кыргыз мамлекеттик медидина институтунун хирургия факультетин бүтүргөн (1958).
- Эмгек жолун ошол эле жылы Суусамырдагы участкалык оорукана бөлүмүндө башкы врач болуп баштаган.
- Кийнчерээк Аламүдүн районундагы Карл Маркс совхозундагы айылдык ооруканада (1962-65) жана Васильевка кыштагындагы ооруканада башкы врач (1965-74) болуп эмгектенген.
- 1974-ж. Фрунзедеги № 6 клиникалык ооруканада башкы врачтын орун басары болуп, ардактуу эс алууга чыкканга чейин (1994) эмгектенген.
- Андан соң Бишкектеги республикалык пенсионерлердин эс алуу үйүндө врачгигиенист болгон (2005).
- Аламүдүн райондук кеңешке 2 жолу депутат болуп шайланган (1963, 1968).
- Үч жолу «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалынын жана «Эмгек ардагери» төш белгисинин ээси.
- Бир нече жолу Ардак грамоталар менен сыйланган.
- Теги сарыкамыштык, боргемик элинен.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүСуусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9