Смеляков Ярослав Васильевич

Смеляков Ярослав Васильевич (26. 12. 1912 (8. 1. 1913), Луцк ш.-27. 11. 1972, Москва) - орус совет акыны.

  • Жумушчу үй-бүлөсүнөн.
  • Фабрика-завод (ФЗУ) мектебин бүткөн.
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Чыгармалары 1931-жылдан жарыялана баштаган. 1932-ж. «Эмгек жана суйуу», «Ырлар» деген ыр жыйнактары жарыкка чыккан.

Бул жыйнактарында жаңырган жер, эпкиндуу эмгек даназаланат. Согуштан кийин 20- жылдардагы жаштар жөнүндөгү «Кремль карагайлары» (1948), «Тандалган ырлар» (1957) аттуу китептери жарык керген. Ал китептери Смеляковдун ырды женекей жана тушунуктуу жазып, турмушту социалдык-саясий жактан андап чыгууга, монументтуу сүрөттөөгө умтулганын айгинелейт.

Анын бул аракетинин натыйжасы кийинки жыйнактарынан кыйла айкын көрүнөт; «Башкы маселе женунде сез» (1959), «Россия куну» (1967; СССР мамлекеттик сыйл., 1967), «Декабрь» (1970), «Жаш адамдар» (1968, Ленин комсомолу сыйл., 1968) ж. б. Үч орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.