Сметана Бедржих (2. 3. 1824, Литомпшль - 12. 5. 1884, Прага) - чех композитору, дирижёр, пианист, муз коомдук ишмер.

  • Чех классикалык музыкасын негиздөөчү.
  • Муз. Прагада алган. 1847-жылдан пианист катары концерт берген.
  • 1847- 56-ж. Прагада өзү уюштурган муз. мектепке жетекчи.
  • 1856-61-ж. Гётеборгдо (Швеция) жашап, дирижёр жана пианист кызматын аткарган.
  • 1863-жылдан «Глагол Пражский» аттуу эркектер хорун жетектеп,
  • 1866- 74-ж. «Убактылуу театрда» опера дирижёру болгон.
  • 1874-ж. угуу жөндөмүнөн ажырагандан кийин Ябкенице кыштагын мекендеп, композитордук чыгармачылыгын өнүктүргөн.

Ал улуттук колоритте, реалисттик багытта жазылган 9 опера («Бранденбургдуктар Чехияда», 1863; «Сатылган колукту», 1866; «Далибор», 1868; «Жашырын сыр», 1878 ж. б.), симфониялардын, фортепиано пьесаларынын, вокалдык чыгмалалардын автору. Прагадагы концерт залы, кыл аспаптар квартети, муз. коом Сметананын ысмында. Прагада Сметана музейи бар (1928).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.