Согушка каршы кыймыл — жамааттык иш-аракеттердин жана аң-сезимдүү түрдө өз ишмердигин согуштук коркунучтарга, милиаризмге, кансыз согушка же анын кайсы бир аспектилерине, зордук-зомбулук колдонууга карты көтөрүлүп чыгуулар менен байланыштырган индивиддердин ыктыярдуу топторунун биримдиги.

Согушка каршы кыймыл-ына катышуучулардын тутумунун туруктуулугу жана бир өңчөйлүгү, башкаруу формаларынын (жеке акциялардын, топтордун, кыймылдардын жана уюмдардын иш-аракеттеринин, саясий партиялардын, профсоюздардын көтөрүлүп чыгууларынын ж.б.) жана топтордун (уюшулган жана стихиялуу, партиялык жана профсоюздук, айрыкча диний жана светтик пацифизмди камтыган антисогуштук) ар түрдүүлүгү мүнөздүү. Уюшулган Согушка каршы кыймылдын башталышы XIX к. алгачкы пафицисттик коомдор пайда болгон 20-30-жж. туура келет. XIX к. акырында Согушка каршы кыймыл пацифисттик жана социалисттик деп эки агымга бөлүнөт.

Антимилитардык кыймылдарга негизги салымды II Интернационалдын Брюсселдик (1891-ж.) жана Цюрихтик (1893-ж.) конгресстери кошту. Социал-демократия Согушка каршы кыймылдын бир катар таланттуу теоретиктери менен уюштуруучуларын чыгарды. Алардын эң ири өкүлдөрүнүн бири - француз социалисти Жан Жорес. Биринчи дүйнөлүк согуш башталаар алдында II Интернационалдын Штутгарт конгресси (1907-ж.) В.И.Ленин менен Р.Люксембургдун сунушу боюнча эгерде согуш чыгып кетсе эл аралык пролетариат согуштун чыгышын туудура турган капиталисттик түзүлүштү четтетүү үчүн чыгаарын билдирди.

Чукул кырдаалдагы Базель конгресси (1912-ж.) жакындап калган согушту кылмыш катары аныктаган антиаскердик манифестти жарыялады. Согуштун башталышы менен Согушка каршы кыймылдын пацифисттик канаты активдешет, согушту токтотуу үчүн жетишээрлик бош уюшулган, бирок маданияттын Ромен Роллан, Эдуард Эррио сыяктуу кадырлуу ишмерлери башында турган кеңири демократиялык кыймыл пайда болот. Согушка каршы кыймыл үчүн 1917-ж. тынчтык жөнүндөгү Декретти кабыл алуу сыяктуу алгачкы советтик өкмөттүн саясий актысы мааниге ээ болгон. Ал декретте согуш жана тынчтык маселелери - булар өкмөттөрдүн гана эмес, элдердин дагы иши экендиги айтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8