Согуштук саясатмамлекеттердин, партиялардын, жана башка социалдык-саясий институттардын жалпы саясатынын составдык бөлүгү; белгилүү саясий максатка жетүү үчүн куралдуу зордук-зомбулук каражаттарын түзүү жана колдонуу менен түздөн-түз байланышкан. Саясий ишмердүүлүктүн өз алдынча жана өзгөчө түрү катары ХVIII–ХIХ к. чегинде бөлүнүп чыкты. Бул мезгилдеги согуштар масштабдарынын бир кыйла өсүшү, мамлекеттердин материалдык жана руханий ресурстарынын кеңири тартылышы, массалык армиялардын пайда болушу менен айырмаланышат. Тарыхый тажрыйба көрсөткөндөй, Согуштук саясаттын субъектилери болуп саясаттын бардык субъектилери: мамлекет жана мамлекеттердин союзу, партия, таптар, элдик кыймылдар жана башкалар чыга алат. Демократтык коомдо өзүнүн куралдуу күч колдонууга болгон монополиясын сактоого чакырылган мамлекет гана Согуштук саясаттын жалгыз мыйзамдуу субъектиси боло алат. Согуштук кубаттуулуктун компоненттерин түзүүчү коомдук турмуштун бардык чөйрөсү Согуштук саясаттын объектиси катары чыгат.
Согуштук саясат жалпы мамлекеттик саясаттын (ички жана тышкы, экономикалык, социалдык, маданий жана башка (системасына кирет; башка саясаттардан айырмаланып, ал саясаттын бардык түрлөрү менен тыгыз өз ара аракеттенет, белгилүү шарттарда алар менен интеграцияланат (согуштук-экономикалык, согуштук-техникалык, согуштук-илимий саясатжана башка). Согуштук саясаттын максатын жана милдеттерин, анын түзүлүү принциптерин, мамлекеттин ичинде жана эл аралык аренада согуштук күчтү колдонуунун негизин аныктоочу согуштук-саясий көз караш зор мааниге ээ. Негиздөөчү согуштук саясий көз караштар, эреже катары, мамлекеттин конституциясында жана согуштук доктринасында, башка официалдуу мыйзам чыгаруу актыларда бекитилет. Согуштук саясаттын күчтөрү жана каражаттары мамлекеттин аскердик уюмдары, барыдан мурда анын куралдуу күчтөрү менен көрсөтүлөт. Согуштук саясий көрсөтмөлөрдү практикалык иш жүзүнө ашыруунун натыйжасында Согуштук саясаттын бул же тигил тиби калыптанат. Азыркы күндө мамлекеттердин Согуштук саясатынын спектри абдан кеңири: ачык агрессивдүү, авантюристтиктен тартып согуштук күчтөрдү, согушту болтурбоо, мамлекеттин суверендүүлүгүн жана аймактын бүтүндүүлүгүн коргоо кызыкчылыктарына колдонуу менен чектелген удаалаш тынчтыкты сүйүүчүлүккө чейин. Согуштук саясатынын функционалдык структурасында: согуштук-саясий абалды, согуштук күчтөрдүн тең салмактуулугун анын өнүгүү тенденцияларын баалоо, согуштук коркунуч системасын анализдөө менен байланышкан илимий-прогноздук функция; зарыл согуштук-саясий чечимдерди иштеп чыгаруу жана кабыл алууну өзүнө камтыган нормативдик-тескөөчүлүк функция, согуштук доктринанын жоболорун, аскердик курулуштун пландарын жана программаларын иш жүзөгө ашыруу эарылчылыгы менен шартталган уюштуруу практикалык (башкаруу) функциясын бөлүп чыгарышат.
Ар бир айтылган функцияларды ишке ашыруу үчүн Согуштук саясаттын структурасында аларга ылайык келген институттар (органдар, уюмдар, мекемелер жана башка) түзүлөт. Бүгүнкү күндө позитивдик өзгөрүүлөрдүн таасири астында мамлекеттердин Согуштук саясаттынын өнүгүүсү бир катар туруктуу тенденциялар менен мүнөздөлөт: – саясий максатка жетүү үчүн согуштук күчтөрдү колдонуунун чөйрөсүн жана масштабынын удаалаш кыскартылышы, куралдуу күрөштүн арсеналынан массалык жок кылуу куралдарын (стратегиялык жана тактикалык, ядролук, химиялык, бактериологиялык) чектөө жана чыгарып салуу, келишимдик негизде кадыресе куралдардын жана куралдуу күчтөрдүн кыскарышы; — Согуштук саясаттын багытынын согуш жана куралдуу конфликттерди даярдоо жана жайылтуудан тынчтыкты бекемдөөгө, куралдуу кагылыштарга жол бербөөгө жана коопсуздуктун ишенимдүү системасын түзүүгө бурулушу; — мамлекеттик согуштук-саясий кызматташтык чөйрөсүнүн кеңейиши, согуштук-саясий мамилелерде ишенүүчүлүктүн жана бирин-бири ишенүүчүлүктүн бекемделиши согуштук-саясий ишмердүүлүктүн ачыктыгы жана алдын-ала айта билүүчүлүгү.
Берилген позитивдик тенденциялардын бекитилиши мамлекеттердин Согуштук саясатка бир катар универсалдуу принциптерге баш ийүүсүн талап кылат. Алардын ичинде: БУУнун уставында ж. б. эл аралык макулдашууларга бекитилген эл аралык укуктук нормаларына Согуштук саясаттын нормаларынын максаттарынын жана милдеттеринин дал келиши; өлкөнүн ичиндеги жана эл аралык аренадагы конфликтүү кырдаалдарды болтурбоодо, чектештирүүдө жана чечүүдө аскердик-күчтүк эмес, саясий каражаттардын маанилүүлүгү; согуштарга жол бербөөнүн, согуштук-саясий жана стратегиялык стабилдүүлүктү колдоонун Согуштук саясаттын биринчи кезектеги милдети деп таанылышы: куралсыздандыруу процессине, ядролук, ракеталык технологиянын, курал-жарактардын жайылбоосун көзөмөлдөөнүн күч алышына жардам көрсөтүү; коркунуч факторлорунун сакталып калган шарттарында коргонуу зарылчылыгына жараша мамлекеттин согуштук кубаттуулугун акылга салып чектөө.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов. Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, жана башкалар.